Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:29

Кытай жибекти коңшуларынан сатып алат


Кытайга сырттан экспорттолгон жибек жана жибек өнүмдөрүнүн төрттөн үч бөлүгү коңшу Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандан барат. Расмий маалыматтарга караганда, Кытай өзбек жибегин сатып алуучулардын сап башында турат.

2021-жылы Кытай Өзбекстандан 38 млн. доллардык жибек алган. Бул жалпы экспорттун 43% түзөт. Экинчи орунда 16,2 млн. долларга жибек сатуу менен Кыргызстан, үчүнчү орунда 12,6 млн. доллар менен Тажикстан турат.

2021-жылы Өзбекстандын жибегин дүйнөнүн 18 өлкөсү Вьетнам, Иран, Бириккен Араб Эмирликтери, Индия, Түштүк Корея, Ооганстан, Түркмөнстан, Түркия, Пакистан, Казакстан, Орусия, Франция сатып алган.

XS
SM
MD
LG