Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

Бийликти басып алууга айыпталган Курсан Асанов үй камагына чыкты


Курсан Асанов 2020-жылы октябрдагы тоз-тополоңго байланыштуу эки жолу кармалган.
Курсан Асанов 2020-жылы октябрдагы тоз-тополоңго байланыштуу эки жолу кармалган.

Бишкек шаардык соту бийликти күч менен басып алууга шек саналып кармалган ички иштер министринин мурдагы орун басары, экс-депутат Курсан Асановдун бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды.

Асанов менен кошо президенттик шайлоо маалында Алмаз Сарыбаев дагы камалган. Анын алдында экөөнүн телефондон сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Камалгандар аны "фейк" деп аташкан.

ИИМ Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен Жазык кодексинин 309-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алуу”) негизинде шектүү катары кармалганын билдирген.
Асановго карата буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып келатат.

Асановго карата буга чейин козголгон үч иш бириктирилип, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып келатат.

Былтыр жыл башында Асановго 2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу "имаратты жана мекемени басып алуу" деген беренеси менен да айып тагылган.

Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган болчу.

Анын сотунда күбөлөр берген көрсөтмөлөрдүн көбү актаган мазмунда болуп жатканын 16-июнда жактоочулар билдирген.

№50 абакта өзгөчө оор кылмаш жасагандар, өмүр бою эркинен ажырагандар отурат. Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, бул Кыргызстандагы жалгыз гана "түрмө" макамына ээ мекеме. Күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынат, камера режиминде кармалат.

XS
SM
MD
LG