Казакстандын парламенти тышкы жана ички маселелердеги демилгелерди тунгуч президент Нурсултан Назарбаев менен макулдашып туруш керек деген норманы жойгон түзөтүүлөрдү жактырды. Тиешелүү сунушту өткөн аптада жогорку палата - сенат киргизген. Экс-президенттин Коопсуздук кеңешиндеги жана Казакстан элдеринин ассамбелясындагы түбөлүк төрагалык кылуу укугу да жоюлду. Тиешелүү өзгөртүүлөр тууралуу документ президенттин кол коюсуна жөнөтүлмөкчү.
Назарбаев 2019-жылы мамлекет башчылыктан кеткенден кийин өлкөнү башкарууда айрым ыйгарым укуктарын сактап калган. Январдагы кандуу окуяларга чейин Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп турду.
19-январда экс-президент видео кайрылуусунда эбак эле ардактуу эс алууда экенин, өлкөнү жетектөө толугу менен мураскери Касым-Жомарт Токаевге жүктөлгөнүн айткан.
Жыл башында экономикалык, социалдык жана саясий реформаларды талап кылган нааразылык акциялар тоз-тополоң, кан төгүү, талап-тоноо, административдик имараттарды кыйратуу менен коштолгон. Расмий маалыматка ылайык, башаламандыктарда 227 киши каза тапты.
Укук коргоочулар, жарандык активисттер курман болгондор мындан көп экенин айтышат.
Президент Токаев ал окуяларды эл аралык комиссия тарабынан иликтөө сунушун четке какты.
Акыркы жумаларда Назарбаевдин чоң кызматардагы жакын санаалаштары, туугандары иштен алынууда.