Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:04

"Жол фондуна" Улан Акматбеков жетекчи болду


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин имараты. Архив сүрөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин имараты. Архив сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен Улан Акматбеков “Жол фондунун”, Кадырбек Нурмамбетов “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын, Таалайбек Ашымбеков “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Январь айында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Жол фонду" түзүлгөн.

1-февралда Жогорку Кеңеште "Жол фондун" түзүүнүн шарты, анын жол-жобосу камтылган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өттү. Долбоор Кыргызстандын аймагында жол тармагын өнүктүрүү үчүн каржылык ресурстарды түзүүгө багытталган.

"Жол фондуна" акча каражаты республикалык бюджеттен, күйүүчү жана майлоочу майларга салынган акциз салыгынан жана башка булактардан чогулат. Негизги максаты жол тармагынын иштешинин финансылык базасын чыңдоо жана жол тармагын өнүктүрүүгө жана тышкы карызды тейлөө экени айтылган. (МТа)

XS
SM
MD
LG