Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:56

Садыр Жапаров Жогорку соттун төрагалыгына мурдагы адвокатын көрсөттү


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети 2-февралда кезексиз жыйынга чогулуп, Жогорку соттун төрагасы кызматына Замирбек Базарбековдун, ал эми Конституциялык соттун башчылыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин карап, экөөнү тең жактырды.

Алардын талапкерлигин бул кызматтарга мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан президент менен Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов сунуштады.

Мунун алдында парламент Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевдин өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды.

Базарбеков 2016-жылдан кийин Садыр Жапаровдун адвокаты болгон. Ал 2020-жылдын аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Базарбеков былтыр июнь айында Жогорку соттун судьясы болгон.

Эмил Өскөнбаев буга чейин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары кызматында турган.

Садыр Жапаровдун дагы бир адвокаты Шарабидин Токтосунов былтыр жыл аягында Бишкек шаардык соттун судьясы болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG