Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал талкууланат


Кыргыз-тажик чек арасында соңку жаңжал 27-январда болгон. Иллюстрация сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасында соңку жаңжал 27-январда болгон. Иллюстрация сүрөт.

Чек ара маселесин Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынынын түштөн кийинки бөлүгүндө караганы жатат. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер келип маалымат берет. Бир катар депутаттар атайын кызматтын жетекчиси коомчулукта талкуу жараткан, Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына жол куруу тууралуу жазылган №39 протокол жөнүндө түшүндүрмө беришин талап кылышты.

Буга чейин Камчыбек Ташиев Ворух анклавына жол курууга уруксат берүү маселеси жакынкы күндөрү кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясында караларын билдирген.

"Негизинен делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу, 27-январдагы куралдуу жаңжалдын себебин иликтөө тууралуу сөз болду. Өкмөттөр аралык комиссиянын иши Ворухка жол куруу маселесине келгенде токтоп калган болчу. Эми кайра ошол жерден уланат. Эгер комиссия кайра дагы бир пикирге келе албай, талаштуу суроолор жаралчу болсо, тажик УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов экөөбүз кайра жолугушуп, талкууламак болдук", - деген Ташиев.

Былтыр май айында эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында кол коюлган №39 протоколдо тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашканын Тажикстан тарап расмий кабарлаган. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат.

Тажикстандын "Ховар" улуттук маалымат агенттиги мындай чечим Тажикстандын жарандарынын жана алардын автоунааларынын тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуу үчүн кабыл алынганын билдирген. Бул жолдун курулушу Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын тактоо иштери жыйынтыкталганга чейин башталышы керек.

Ал эми кыргыз бийлиги бул протоколго ылайык, Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жол куруларын ырастаган. Бирок бул Ворухка коридор берилди дегенди түшүндүрбөй турганын, жер да, жол да кыргыз тараптыкы болорун, болгону тажик жарандарына ал жол менен каттоого уруксат берилерин маалымдаган.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

Былтыр апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алган. Тажикстан бийлиги бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын билдирген.

XS
SM
MD
LG