Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Сеидбек Атамбаев суракка чакырылган журналисттер маселесин көтөрдү


Сеидбек Атамбаев.
Сеидбек Атамбаев.

Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында депутат Сеидбек Атамбаев ар кандай кылмыш иштеринин алкагында журналисттердин суракка чакырылып жатканын сынга алды. Ал буга байланыштуу көп кайрылуу түшүп жатканын айтып, басма сөз өкүлдөрүнө макам берүүнү сунуштады.

Мунун алдында Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук прокуратурасы Kaktus.media сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал тууралуу маалымат провокациялык деген негизде кылмыш ишин козгогон.

Kaktus.media талаш-талкуу, нааразылык жараткан маалымат тууралуу түшүндүрмө берип, Тажикстандын Asia Plus басылмасынан көчүрүп жарыяланган маалымат (перепечатка) экенин билдирген.

Ушул тушта Бишкек шаардык милициясы иликтөөчү журналист Болот Темиров менен анын командасындагы төкмө акын Болот Назаровду баңгизатка байланыштуу айыптап, териштирип жатат.

Бир аптадан ашык убакыт мурун журналист жана анын командасы Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган.

Иликтөө жарыялангандан көп өтпөй анын автору Болот Темиров менен Болот Назаров кармалып, коомчулуктун нааразылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.

Ташиев иликтөөдө айтылгандарды "жалган маалымат" деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG