Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:33

Чудинов чек ара протоколу тууралуу Башкы прокуратурага сурак берди


Игорь Чудинов кыргыз-тажик чек арасы тууралуу талаштуу протоколго кол коюлган маалда премьер-министр болуп турган.
Игорь Чудинов кыргыз-тажик чек арасы тууралуу талаштуу протоколго кол коюлган маалда премьер-министр болуп турган.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, экс-депутат Игорь Чудинов Башкы прокуратурага кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколдон улам 31-январда сурак берип чыкты. Бул маалыматты башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы бышыктады.

Буга чейин ушул иштин алкагында Жогорку Кеңештин азыркы депутаты, "Бүтүн Кырргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров бир канча жолу сурак берген. Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган. Игорь Чудинов ошол маалда өкмөт башчы болуп турган.

Мадумаров 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон.

Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып келет.

Бул иш боюнча Мадумаров менен Малайзиядагы элчи Азимбек Бекназаров 19-январда беттештирилген.

Президент Садыр Жапаров 17-январда "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси тууралуу кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атаган. Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG