Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:15

Баткен: чек ара чырында жабыркагандардын бири Бишкекке которулду


Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Баткенде соңку чек арадагы атышууда жабыркаган 12 адамдын абалы туруктуу, бир бейтап Бишкектеги бейтапканага которулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ооруканадан кабарлашты.

Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG