Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Ала-Букада алтын казган компанияны карактоого шектүү топ кармалды


Ала-Бука району.
Ала-Бука району.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Ала-Бука районунда алтын казган компанияны тоноого шек саналып үч адам колго түшкөнүн билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, окуя былтыр 12-ноябрга караган түнү болгон. Анда беткап, мээлей кийген белгисиз адамдар компаниянын кызматкерлерин, чет өлкөлүк жана жергиликтүү жарандарды уруп-сабап, 20 миң сомун, сейфте сакталып турган эки килограммдай алтынды алып кетишкен. Ошондой эле короодо турган машинелерди талкалашкан.

Тергөөдө материалдык чыгымдын көлөмү 10 миллион сомдон ашты деп эсептелген. Учурда тергеп-иликтөө уланууда.

Милиция кайсы компания каракталганы тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Жалал-Абад облусунда жалпысынан кен казууга 500гө чукул лицензия берилген. Учурда аймакта алты компания алтын казып жатат. (TB)

XS
SM
MD
LG