Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы катталгандан бери мобилдик топко кайрылгандар көбөйгөн. Айгүл Өмүралиева менен Айнура Мусурова азыр тыным албай иштеп жаткан убагы.
Мобилдик топто иштеген өмүр сакчылары
Дарыгер Айгүл Өмүралиева менен медайым Айнура Мусурова Бишкектеги №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда түзүлгөн мобилдик топто иштешет.