Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

Жалал-Абадда органын алмаштырган жарандар митингге чыгышты


Жалал-Абадда облустук администрациянын алдына митингге чыккандар.
Жалал-Абадда облустук администрациянын алдына митингге чыккандар.

Бүгүн, 28-январда бөйрөк, боорун алмаштырган 20га чукул адам Жалал-Абад облустук администрациясынын алдына митингге чыгып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту.

Алардын бири Замир Каратаев органын алмаштырган жарандар дарыга муктаж экенин "Азаттыкка" айтып берди.

"Мен 2018-жылы Индияга барып 50 миң долларга боорумду алмаштырып келдим эле. Ал эми сегиз айдан бери мамлекет бекер берген "Програф” дарысын ичип келдим. Акыркы 20 күндөн бери сатып алганга акчам жок ичпей жатам. Биз араңжан болсок, дары менен жашаганга мажбурбуз. Айына 15 миң сомдон бул "Програф” дарысын сатып ичип келдим. Бизге жардам бергилечи урматтуу бийлик өкүлдөрү", - деди бейтап.

Жалал-Абад облусунда 2018-жылы түзүлгөн "Эрк биримдиги" коомдук уюмунун миңден ашуун мүчөсү бар. Уюмда бөйрөгү менен боору ооруган жарандар чогулган. Алар өлкө башчысы Садыр Жапаровго арыз жолдоону көздөп жатышат.

Кыргызстандагы бөйрөк кемтигинен жабыркагандардын көйгөйү гемодиализ жабдуусуна байланышкан. Өлкөдө трансплантация ишке ашпагандыктан бейтаптар 30-40 миң доллар топтоп, чет өлкөлөргө барып операция жасатууга мажбур.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги боорду жабыркаткан гепатит оорусунун оор деген "В" жана "С" түрлөрүнүн 85% байкабай жүрө бере турганын, бирок оорулуу адам башкаларга жугузушу мүмкүн экенин билдирген.

2020-жылдагы эсеп боюнча, өлкөдө жугуштуу гепатит 4805 адамдан аныкталса, 2019-жылы оору 6,6 миң кишиден жаңы табылган. Бейөкмөт уюмдар сарыктын "В" түрүнө чалдыккандар жүз миңдеп санала турганын айтып, ага каршы жапырт эмдөө жүргүзүүнү талап кылып келет.

Гепатит - боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын "А", "В", "С" түрлөрү бар. "А" түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган эки формасы кан аркылуу жугат. (TB)

XS
SM
MD
LG