Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:54

Антикоррупциялык кеңеш алардын атын колдонгондор тууралуу эскертти


Былтыр ноябрда Антикоррупциялык ишкердик кеңеш алгачкы жыйынга чогулган.
Былтыр ноябрда Антикоррупциялык ишкердик кеңеш алгачкы жыйынга чогулган.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш алардын аты жазылып, мөөрү коюлган, жасалма күбөлүк даярдап берүүнү убада кылган шылуундар тууралуу эскертти. Мындан улам ушул жылдын январь айынан тартып жаңы күбөлүктөр эч кимге берилбей турганын билдирди жана мыйзамсыз иш-чаралар тууралуу кеңештин катчылыгына кайрылуу керектигин белгиледи.

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш былтыр июлда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн жана негизги курамы октябрь айында бекиген. Ага ылайык, кеңешти мамлекет башчы өзү жетектейт, баш катчысы Нурипа Муканова дайындалган.

Мындан сырткары курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, баш прокурор, Улуттук банктын төрагасы, эл аралык, бизнес коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирген.

Былтыр ноябрда Антикоррупциялык ишкердик кеңеш алгачкы жыйынга чогулган. Анда өлкөнүн коррупцияга каршы стратегиясынын концепциясын негиз катары кабыл алуу, жумуш тобун түзүп, 2021-2024-жылдарга карата стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу жана Коррупцияга каршы эл аралык күндү өткөрүү сыяктуу сунуштарды киргизүү чечимдери кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG