Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Улуттук банк валюта базарына 86,5 миллион доллар сатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул жыл башынан берки экинчи интервенция болуп калды. Улуттук банк 12-январда валюта базарына 70 миллиондон ашык доллар саткан.

Былтыр доллардын курсун кармап туруу үчүн жалпысынан 633 миллион долларга 14 жолу интервенция жасалган.

Учурда акча алмаштырган жайларда доллар 84,92 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 84,79 сом деп көрсөтүлгөн.

Улуттук банк буга чейин инфляцияны ооздуктоо максатында эсептик ченди 8% чейин жогорулаткан. Банктын расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, 2021-жылдын ноябрь айында инфляция жылдык мааниде 12,1% түзгөн. Ал эми былтыр жыл башынан тартып баалар 9,5% өскөн. Анда баа дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы кымбаттоодон улам жогорулаганы белгиленген.

2020-жылы Улуттук банк жалпысынан 29 интервенция жасап, 466 миллиондой доллар саткан.

XS
SM
MD
LG