Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:53

Чек ара: Баткен менен Согд облусунун жетекчилери жолугат


Соңку жаңжалдан улам чек ара тилкесинде жашаган 1,5 миңдей адам эвакуацияланды.
Соңку жаңжалдан улам чек ара тилкесинде жашаган 1,5 миңдей адам эвакуацияланды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаев билдирди. Жолугушуу баштапкы маалыматка ылайык, 28-январда эки өлкөнүн чек арасындагы Достук айылында өтөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдындагы Чек ара кызматы 28-январь, эртең мененки саат 08:00гө карата чек арадагы абалды туруктуу деп мүнөздөп билдирүү таратты. Анда "Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана "Головной" аймактарында абал стабилдүү. Түн тынч өттү", - деп айтылат.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атоодо. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жаракат алганын, анын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургун экенин жазды.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканын 28-январда саат 04:10до Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облустарынын жетекчилери баштаган расмий делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Алар: атышууну толук токтотуу, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра артка алып кетүү, Баткен – Исфана автожолун толук ачуу, чек ара тилкесинде биргелешкен күзөт уюштуруу.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, эки өлкөнүн делегациялары чыр башталган Төрт-Көчө деген жерге барышты. Ал жерде азыр Баткен-Исфана жолу боюнча кыймыл тоскоолдуксуз жүрүп жатканы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG