Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:31

Лейлекте бир нече айылдын тургундары эвакуацияланууда


Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам кооптуу аймактардан Максат, Кулунду, Сада айылдарынын тургундары жеке автоунаалар менен эвакуацияланууда. Бул тууралуу 28-январга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Учурда аталган министрлик кошумча жарандарды кабыл алууга даярдык көрүүдө. Бул үчүн 90дон ашууну куткаруучу тартылды.

Буга чейин жаңжалдан улам Баткен районундагы Ак-Татыр, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын тургундары тынч жакка чыгарылып жатканы кабарланган. Алар Баткен районундагы Рават айылына жайгаштырылып жатат.

Учурда Баткендеги Жарандык коргонуу кызматтары өзгөчө кырдаал режиминде иш алып барууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG