Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Саламаттык сактоо мекемелери күчөтүлгөн тартипте иштөөдө


Баткендеги ооруканалардын бири.
Баткендеги ооруканалардын бири.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалган абалдан Баткендеги ооруканалар даярдыктарын күчөтүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Чек арадагы ок атышуудан жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен - Исфана жолундагы Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан атышуу башталганын “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев маалымдаган.

Чек ара кызматынын бир аз мурда тараткан маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын атышуусу "Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө болуп, тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатат".

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев журналисттерге чек ара тилкесине жакын аймактагы жашоочуларды чыгарып кетүүгө аркеттер жасалганын билдирди.

Кыргыз тарап чек ара жаңжалы тажикстандык жарандар Төрт-Көчө аймагын жаап алгандан кийин тутанганын билдирүүдө.

“Азаттыктын” тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген. Андан башка расмий маалымат бериле элек. (BCh)

XS
SM
MD
LG