Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Шайырбек Ташиев мандатын тапшырарын айтып, фракция лидерине кайрылды


Шайырбек Ташиев.
Шайырбек Ташиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын тапшыруу үчүн “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидерине кайрылуу жөнөттү. Бул тууралуу аталган фракциянын башчысы Бакыт Төрөбаев "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

"Республикабыздын булуң-бурчундагы шайлоочулардан да кайрылуулар түшүп жатат. Бул маселе фракциянын жыйынында каралат", - деп жазган Төрөбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев былтыр 29-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо №14 Жалал-Абад шайлоо округунан депутат болуп шайланган.

23-январдагы маалымат жыйында Ташиев иниси депутаттык мандатын тапшыра турганын айткан.

Бүгүн, 26-январда Бишкекте он чакты адам Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшырышына каршы акцияга чыгышты.

Агасы УКМК башчылыгына келген соң депутаттын Жалал-Абаддагы таасири күчөгөнү айтылып, аны Ташиевдердин үй-бүлөсү четке кагып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG