Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Протокол чыры: Мадумаров жетинчи жолу сурак берип чыкты


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров сурактан чыкты. Ал бүгүн жетинчи жолу Башкы прокуратурага сурак берип чыккандан кийин, тергөө амалдары бүткөнүн билдирди.

"Тергөө амалы бүттү дешти. Эми кандай чечим чыгарышат көрөбүз", - деди Мадумаров прокуратуранын алдында күтүп турган тарапташтарына жооп берип жатып.

Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган.

Саясатчы 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ошол кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.

Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырууда.

Бул иш боюнча Мадумаров менен Малайзиядагы элчи Азимбек Бекназаров 19-январда беттештирилген.

Президент Садыр Жапаров 17-январда "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атады. Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын айтууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG