Казакстанда “Январь окуяларына” байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин саны 800дөн ашты. Кармалгандардын арасындагы 500дөй киши “террорчулукка” шек саналып жатканы маалым болду.
Мурдараак бир катар эл аралык уюмдар казак бийлигин социалдык нааразылыкка чыккан калкты “террорчу” деп атоодон карманууга чакырган.
Кылмыштардын саны
Жыл башындагы окуялар боюнча алгач 546 кылмыш иши козголгону айтылса, кийинчерээк анын саны 695 экени маалымдалган. Узаган аптанын жыйынтыгы менен ага дагы жүздөн ашык иш кошулганы белгилүү болду.
Казакстандын Башкы прокуратурасынын биринчи кызматынын жетекчисинин орун басары Елдос Килымжанов буларды билдирди:
“Тергөө топтору жалпы 819 кылмыш ишин тергеп жатат. Анын ичинен 45 иш "террордук актылар" боюнча, 36 иш "массалык башаламандык", 15и адам өлтүрүү боюнча тергелүүдө. Каракчылык, уурулук, курал-жарактарды уурдоо жана мамлекеттик кызматкерлерге зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча дагы кылмыш иштери бар”, - деди ал 22-январдагы атайын брифингде.
Прокуратуранын өкүлү андан ары кармалгандардын саны жана аларга коюлуп жаткан айыптар жөнүндө маалымдады.
“Бул кылмыш иштерине шек саналып 970 киши кармалган. Алардын көпчүлүгү, тагыраагы 464ү "терроризм" жана "массалык башаламандык" беренелери боюнча күмөн саналып жатат. 220дан ашууну уурулук, 60ы куралды мыйзамсыз алып жүрүү жана сактоо, 40кка жакыны курал уурдоо, 25и бейбаштык, калганы талап-тоноо фактысына байланыштуу кармалган”, - деген Елдос Килымжанов.
Көзөмөл мекемесинин өкүлү бул сандар акыркы көрсөткүч эместигин, бир кылмыш иши боюнча бир нече киши кармалышы ыктымал экенин кошумчалады.
Соңку маалыматтарга ылайык, соттор камактагы 29 адамга карата камак түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоодон баш тартты. Тергөө абактарын текшерүүдөн кийин "камакка негиз жок болгондуктан" 96 адам убактылуу кармоочу жайдан чыгарылган.
“Террорчулар” кимдер?
Бул окуяларда биринчи кезекте кармалгандардын санынан күмөн санагандар арбын. Анткени, укук коргоо органдары башынан өздөрү эле берип келген маалыматтарда кармалгандардын саны күн сайын кошулуп жатып, кеминде 10 миңге жеткен. Болбосо айрым басылмалар колго түшкөндөрдүн саны 12 миңге чукулдаганын жазган.
Калган кишилердин дайыны кайда? Баары коё берилдиби? Алар эмнеге айтылбайт? Мына ушул суроолордун жообу белгисиз.
Экинчи жагдай, “террорчулук” кылмышка айыпталып жаткандардын тагдыры. Алар кимдер? Кайсы жактан даярдыктан өтүшкөн? Кайсы террордук кыймылдарга тиешеси бар? Бул суроолордун башы да ачык калууда.
20-январда Европа парламенти Казакстандагы окуялар боюнча резолюцияны кабыл алып, казак бийлигин жарандарга жана коомдук уюмдарга саясий куугунтукту токтотууну, кармалгандарды бошотууну, тынчтык митингдерге тоскоол болбоону, негизсиз камоолорго жана кыйноолорго чекит коюуну талап кылган.
Европарламент казак бийлигин нааразылыктарды күч колдонуу жана зомбулук менен басып, акциянын катышуучуларына карата “терроризм” жана “экстремизм” деген түшүнүктөрдү эпсиз колдонуп, киши өлүмүнө алып келген көрүнүштөргө жол бергенин айыптаган.
Президент Касым-Жомарт Токаевдин “эскертүүсүз ок чыгаруу буйругу” аталган документте “Казакстандын эл аралык укуктук милдеттенмелерин бузуу” катары мүнөздөлгөн. Документ аркылуу Европарламент Токаевдин “террорчулардын” саны боюнча айтканын негизсиз деп баалап, “террорчу” деген түшүнүктү кеңири мааниде колдонуп, айып коюудан карманууга чакырат.
Европарламенттин депутаты Начо Санчес Амор жыйында мындай деген эле.
“Президент Токаевдин көчөдөгү калкты эскертүүсүз ок атууга буйрук бергени, бул анын саясий карьерасында аягына чейин айыпталып турчу так болуп калды. Демонстрациялардын жүрүшүн басуу үчүн айтылган зордук-зомбулуктар саясий иликтөөлөрдү талап кылат”.
Казакстандагы нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдерден кийин башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматыда ири башаламандык менен коштолгон.
Буга байланыштуу билдирүүлөрүндө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тополоң чыгаргандарды “эл аралык деңгээлде даярдыктан өткөн террорчулар” деп атап, “эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин” айткан. Алматынын өзүндө эле “20 миңдей террорчу бар экенин” билдирген.
Ушуга байланыштуу Токаевдин өтүнүчү менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери Казакстанга кирип, кырдаал турукташкандан кийин кайра чыгып кетти.
Бирок казак бийлиги “террорчулар” тууралуу ушу кезге дейре так маалымат бере элек.
Кыйноолор көп болду
Мурдараак Amnesty International баштаган бир нече эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар камактагылардын тагдыры тууралуу маалымат жоктугуна тынчсызданып, казак бийлигин колдо болгон бардык маалыматтарды ачыкка чыгарууга, мыйзамсыз кармалгандарды бошотууга жана адам укуктарын сактоого чакырган.
Камакка алынгандардын көбү кыйноого кабылганын айткандар, тергөө калыс жүрөрүнөн шек санап жатышат. Бирок расмий органдар кыйноо фактылары боюнча болгону жети тергөө иши жүрүп жатканын моюнуна алды.
Казакстандын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурдилде Ораз 24-январдагы брифингде буларды билдирди.
“Ички иштер министрлиги жарандарга күч колдонуу фактыларына бөгөт коюу иштерин да улантууда. Ар бир факт полиция имараттарында жана коомдук жайларда орнотулган видеокамералардагы тасмаларды талдоо аркылуу кылдат иликтенеь. Азыр “кыйноо” фактысы боюнча 27 арыз келип түшкөн. Анын жетөөсү боюнча сотко чейин териштирүү иштери жүрүп жатат, калган 20 факты боюнча текшерүү иштери башталды”, - деди ал.
Деген менен дээрлик кармалгандардын бардыгы кыйноого кабылганына даттанып келет. Алардын ичинде каза болгондордун айрымдарынын жакындары да курман болгондор ур-тепки учурунда мерт болгонун билдирген.
Камактагы жарандык активист Дархан Уалиевдин аялы Булбул Бердикожанова күйөөсү менен жолугушуп чыккандан кийин, ал сабалганын маалымдады. Ал жолдошу кармалгандан кийин бир нече күн ал тууралуу маалымат ала албай, адвокатты да киргизе албай жатканын айтып келген.
“Кездешүүгө он мүнөттөн ашык убакыт берген жок. Жолуктум, көрдүм. Көзү көгөргөн экен, эми айыгып келатыптыр. Анын айтышынча, кармалгандардын бардыгы 15-январга чейин тынбай сабашыптыр. Өзүн бир күн кечке 12 саат уруп-тепкилешиптир. Ошондон кийин “эсиме келе албай, айткан кагаздарынын баарына кол коё бердим, неге кол койгонумду да билбей калдым” деди күйөөм”, - деди Булбул Бердикожанова.
Бул арада Казакстанда кармалып, кийин кайра бошотулган кыргызстандык Викрам Рузахунов да тергөө абагында олтурган учурда катуу сабалганын ачыктады.
“Мен азыр ооруканада дарылануудамын. Үч оорукана алмаштырдым. Канчалык азап жана ооруну баштан өткөргөнүмдү жакындарым менен медицина кызматкерлери гана көрүштү”, - деп жазды ал Instagram баракчасына.
Музыкант өз билдирүүсүндө кабыргалары сынганын, көкүрөгүндөгү жараатын, баш мээси чайкалганын жана башка жарааттарды алганын билдирген. Казакстандын күч кызматтары паспортун, акчасын, айдоочулук күбөлүгү менен банк картасын белгисиз жагдайда алып коюшканын айтат. Казакстандан Кыргызстанга келген учурдагы билдирүүсү боюнча дагы түшүндүрмө берген.
Ал арада Казакстандын Алматы шаарында башламандыктарга байланыштуу кармалып, катуу сабалган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыков 20-январда Бишкекке "Тез жардам" кызматы менен алып келип, 4-ооруканага жаткырылган. Ал дагы Казакстандын күч кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганы маалым болду.
Казакстандын Бишкектеги консулу Алматыда сабалган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыковго байланыштуу 21-январда Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Аталган мекеме анда бул жарандын саламаттыгына оор залал келтирген казак күч кызматкерлери тууралуу нота тапшырылганын маалымдады.