Январь окуясынан кийин Казакстандын Башкы прокуратурасы 819 кылмыш иши тергелип жатканын билдирди. Бул тууралуу 22-январдагы брифингде Башкы прокуратуранын биринчи кызматынын жетекчисинин орун басары Елдос Килымжанов билдирди. Анын айтымында, 45 иш "террордук актылар" боюнча тергелүүдө (өлкө бийлиги "эл аралык террористтик топтордун кол салуулары" тууралуу буга чейин билдирген) 36 иш "массалык баш аламандык", 15и адам өлтүрүү боюнча иш тергелүүдө. Каракчылык, уурулук, курал-жарактарды уурдоо жана мамлекеттик кызматкерлерге зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча дагы кылмыш иштери ачылган.
Прокуратуранын маалыматына караганда, кылмыш иштерине шектелип 970 киши кармалган, алардын көпчүлүгү, 464ү "терроризм" жана "массалык башаламандык" беренелери боюнча. 220дан ашууну уурулук, 60ы куралды мыйзамсыз алып жүрүү жана сактоо, 40кка жакыны курал уурдоо, 25и бейбаштык, калганы талап-тоноо фактысына байланыштуу кармалган. Килымжанов бул сандар акыркы көрсөткүч эмес экенин, бир кылмыш иши боюнча бир нече киши кармалышы ыктымалдыгын кошумчалады.
Соттор камактагы 29 адамга карата камак түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоодон баш тартты. Тергөө абактарын текшерүүдөн кийин "камакка негиз жок болгондуктан" 96 адам убактылуу кармоочу жайлардан чыгарылган.
Буга чейин укук коргоочулар камактагылардын тагдыры тууралуу маалымат жоктугуна тынчсызданып, казак бийлигин колдо болгон бардык маалыматтарды ачыкка чыгарууга, мыйзамсыз кармалгандарды бошотууга жана адам укуктарын сактоого чакырышкан.
"22-январда Башкы прокуратура тергөө абагына киргизилгендердин арасында денесинен жаракат алган 73 адам табылганын кабарлады. Алардын ичинен үчөөнүн бөгөт чарасы өзгөртүлдү, азыр алар камакта эмес", - дейт Килымжанов.
13-январда Amnesty International эл аралык уюму Казакстандын бийлигин нааразылык учурунда каза болгон жайкын тургундардын жана андан бери кармалган адамдардын санын ачык айтууга чакырган. Уюм ошондой эле журналисттерди жана активисттерди бошотууга үндөгөн.