Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:40

Президент журналист Темировдун ишине көз саларын билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышына байланыштуу өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына комментарий жазды. Анда мамлекет башчы Болот Темиров жана башкалардын баңгизат менен кармалгандыгына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турарын айткан.

"Мыйзам алкагында жүргүзүлгөн кандай гана кесиптик ишмердүүлүк болбосун, анын ичинде журналисттик ишмердүүлүк дагы, басым-кысымдын тигил же бул түрүнө себеп болбошу керек. Ар бир иш бардык жагдайларды эске алуу менен калыс иликтениши зарыл. Болот Темиров жана башкалардын баңгизат менен кармалганына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турам. Ошол эле убакта журналисттерден дагы жалпы элдин алдында бирөөнү жөнү жок каралап, айып койгондон алыс болсоңуздар деп суранып кетет элем. Бир нерсе айтардан мурда чын-аныгын тактап алып, жоопкерчиликти сезип, анан чыгарып туруңуздар", - деп жазган президент.

Садыр Жапаров журналист, аткаминер же жөнөкөй жаран болбосун мыйзам баарына бирдей экенин айткан. Temirov LIVE деп аталган YouTube-каналындагы УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин аты аталган соңку иликтөө боюнча пикирин билдирип, "Керек болсо бир нече оппозициялык журналисттен турган комиссия түзүп, текшерип келгиле, биз шарт түзүп берели” деп эң туура айткан. Текшергенге толук мүмкүнчүлүгүңөр бар. Бизде баары ачык", - деп жазды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы жана анын Temirov LIVE деп аталган YouTube-каналына чыккан соңку иликтөөсү боюнча 23-январда маалымат жыйында комментарий берди. Ал Темировдун кармалуусуна анын иликтөө материалдарынын тиешеси жоктугун билдирди. Ошондой эле журналистти сотко берип, куугунтуктайын деген ою жок экенин кошумчалады.

22-январда күч органдары Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кетишкен. Ал милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, атайлап салып коюшту" (белгисиз затты) деп айтууга үлгүргөн. Журналист муну кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатат.

Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында жалпысынан эки адам шектүү катары өтүп жатканын, бири Темиров өзү, экинчиси төкмө акын Болот Назаров экенин бүгүн 23-январда ИИМдин башкармалык башчысы Сапарбек Аманкулов мекеменин алдында тынч митингде журналисттерге билдирген.

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн жарыялаган. Анда мунай тармагында иштеген Ташиевдин жакындарынын жана алар башкарган ишканалардын аты аталган.

Атайын кызматтын төрагасы брифинг учурунда бул иликтөөдөгү маалыматтар жалган экенин Бишкектеги айтты.

XS
SM
MD
LG