Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:27

Жүрөгүндө жалы бар журналист эле...


Мена Мангал.
Мена Мангал.

Диний идеологияны жетимиш жылдан ашуун ооздуктаган коммунисттик идеология аста-секин ичинен ирип кыйрагандан кийин, тышкы жана аларга таянган ички күчтөр көпчүлүгү мусулман элдер жашаган Орто Азия республикаларында совет доорунда түптөлгөн светтик түзүлүштүн ордуна халифат орнотуу планын ишке ашырууга шымаланышкан.

Мындай тарыхый учурду көп жылдардан бери күтүп жүргөн диний идеологдор бул планды ишке ашырууну тээ союз доорунда эле кайдыгерликтин кесепетинен көз көрүнөө диндешип кеткен Тажикстандан баштап көргөнү коомчулукка маалым. Ошондо бул чабуулга бел байлаган ички жана тышкы күчтөрдүн кудурети аз болгондуктан, өкмөттүк аскердин каршы соккусуна туруштук бере албаган эле.

Кошуна республикадагы бир нече жылга созулган бул саясий согуш өлкөнүн тик экономикасын талкалап, ошол эле мусулмандарды ырыскысынан ажыратты.

Светтик түзүлүштү сактап калууну жактаган кырктан ашуун чыгармачыл инсандардын өмүрүн кыйды. Ошолордун көпчүлүгү журналисттер. Мына ушундай эле кооптуу абал чейрек кылымга жакын диний-саясий согуш оту өчпөгөн Ооганстанда деле өкүм сүрүп келатат. Элдин сүйүктүү ырчыларын, адамга бир жолу берилген жарык дүйнөдө жашоодогу жакшылыкты даңазалаган калемгерлерди, расмий бийликке кызмат кылган журналисттерди куугунтуктап, жок кылышууда.

Жаңы бийлик орногондон бери коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам 300гө жакын журналист өлкөдөн качып чыга албай дүйнөлүк коомчулуктан жардам суроого аргасыз болушууда деген кабар эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарында таралды. Ооганстанда азыр 231 жалпыга маалымдоо каражаты жабылып, 6400 журналист жумушсуз калышканы айтылууда. Мындай катаал кадамдар эмнеден кабар берет? Муну буга чейин эркиндикти пропагандалаган жана расмий бийликке кызмат кылган журналисттерден, демократиялык көз караштагы идеологиялык жоокерлерден өч алуу катары кабылдаса болот.


Мена Мангал - ушундай саясаттын курманы болгон ооган журналисттеринин бири. Бул кесиптешибиздин тагдыры абдан аянычтуу. Кырк жылдан бери согуш оту өчпөгөн өлкөсүнүн келечегине күйүп жанган арманы ичине батпай санаасы санга батып жүргөн жаш тележурналист бир күнү эртең менен Кабулдагы базарга жакын жерде жумушка баруу үчүн унаа күтүп турганда, белгисиз адам алгач асманга ок чыгарып элди тараткандан кийин, качып бараткан журналистти артынан эки жолу аткан.

Көрсө, Мена Мангал буга чейин өлүм менен эскертилген ар кандай коркунучтардан, опузалоолордон артка чегинбей, журналисттик ишмердигин токтотпой жүргөн экен. Адамдын жаны бычак мизинде турган ушундай кооптуу өлкөдө караңгылыктан арыла албай келаткан ооган аялдарынын арасынан суурулуп чыгып, журналисттик кесипти аркалаганы эрдик эмей эмне? Аялдардын эркиндиги үчүн күрөшкөнү каармандык. Фанатизмдин курманы болгон журналисттин бул эрдиктерин ооган аялдары эч качан унутпайт болуш керек.

Мена Мангал журналисттик татаал түйшүктөрүнөн тышкары өлкөнүн парламентинде маданият тармагы боюнча кеңешчилик вазийпаны да аткарып келген. Он жылдан ашуун Ariana TV, Lemer жана Shamshad TV телеканалдарында түрдүү-түмөн эскертүүлөр жана тоскоолдуктарга карабай алып баруучулук ишти да аткарууга убакыт тапкан. Патриоттук сезими, чыгармачылык дарамети ашып-ташкан журналист мындан тышкары социалдык тармактагы баракчаларында эркиндикти эңсеген аялдардын жашоо турмушундагы көйгөйлүү маселелерин, билим алуу, коомдук иштерге катышуу, эмгектенүү укуктары менен муктаждыктары тууралуу курч макалаларын байма-бай жарыялап турган.

Анын мындай активдүүлүгү аялдарга эркиндикти ыраа көргүсү келбегендерге жаккан эмес. Ошондой болсо да эч нерседен коркпой, ишин уланта берген. Анткени ал демократиялык жолго кадам шилтеген өкмөттүн саясатына, мекени өнүккөн өлкөгө айланарына ишенген жана ошого таянган.

Бирок, ооган өкмөтү Мена Мангал сыяктуу патриоттор түгүл өзүн коргоого да жөндөмсүз экенин жакында болуп өткөн коогалаңдарда ырастады. Аскеринин курал-жарагы мыкты, саны арбын, бирок рухий деӊгээли төмөн бойдон кала бергендиктен, коррупцияга баткандыктан, мурунку президент бийлигин көз ачып жумганча колдон чыгарды.

Менаны мажбурлап жатып турмушка узатышканда, бул тууралуу тийиштүү органдарга кабарлап, көз карашы төп келбеген адамдан ажырашкан экен. Миңдеген аялдардын бактысы, элдин билимдүү болушу үчүн күрөшкөн мекенчил журналисттин ысымы тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калат.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG