Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Мектеп өксүсө, коом бүлүнөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коом караңгы болсо зулумдарды же жоопкерчиликсиз кишилерди шайлайт же алардын бийликке келишине жол берет. Андай төбөлдөр жаш муундун өз алдынча ой жүгүртүүгө жөндөмдүү болуп өсүшүн дегеле каалабайт. Ушундай туңгуюк абал түзүлүп калса, эмне кылуу керек? Мугалимдер өздөрү жагдайга таасир эте алабы?

Сабатсыздарды башкаруу оңой, бирок...

Мамлекеттик бийлик менен коомдун билимдүү катмарынын өз ара мамилеси эзелтен татаал боло келген. Өлкөсүнүн тагдырындагы тарыхый озуйпасын аңдап билген лидерлер философтор менен, окумуштуу, акын, жазуучу жана устаттар менен жакындан кызматташып, улуттун ырааттуу өсүп-өнүгүшүнө жол чабышкан.

Бийлик колдо турганда көбүрөөк жеп-ичип калайын деген абыке-көбөштөр интеллигенцияны өздөрүнүн утурумдук мүдөөлөрү үчүн пайдаланууга аракет кылышчу.

Бийлик карөзгөй болсо, “көпчүлүктүн пикири” менен “жалпы элдин колдоосуна” шылтоолойт. Бирок коом фанатизмдин караңгы туманына чумкуп, динди тайыз “түшүнгөн” кара күчтөр үстөмдүк кыла баштайт. Караңгы катмардын маанайына ашыкча ишенгенде, опуртал кадамдар жасалат да, коом өнүкпөй, ондогон жылдарга артка кетет. Мындай болбошу үчүн айрыкча диний жана динчил эмес чөйрөлөрдүн өз ара бири-бирин түшүнүшүүсү зарыл.

Эмгек акынын аздыгынан, коомдогу теңсинбеген мамиледен улам таланттуу, мыкты педагогдор башка кесиптерге ооп, алардын ордун көбүнчө башка кирешелүү адистиктерге өтө албай калгандар басат. Мектеп начар болсо окуучулар турмушка, жоопкерчилик көтөргөнгө даяр эмес бойдон чоңоюп, калктын чаласабат, маданияты төмөн, караңгы катмары калыңдай берет.

Мугалимдердин кийинки мууну ого бетер начар, алсыз болот, анткени педагогикалык ЖОЖдогу мыкты окутуучулардын катары да бул арада суюла берет. Улам барган сайын жагдай оорлошот...

Байлар менен кедейлердин ортосундагы айырмачылыктын өтө чоңоюп кетиши да кырдаалды курчутат. (Маселенин бул өңүтүн эксперттер иликтеп келет. Мисалы, жакында Казакстан-Сорос фондунун каржылык колдоосу менен “Борбор Азиядагы билим алуу жагынан теңсиздиктин жаңы кырлары: маселенин оордугун өлчөөдөн саясатты өзгөртүүгө карай” деген талдоо баяндамасы жарыяланып, “Сапаттуу орто билимдин жеткиликсиздик индекси” иштелип чыкты).

Пайгамбарлар кесиби

Бирок бул “сыйкырланган” туюктан чыгууга болот. Мында мугалимдердин ролу баарынан чоң болушу мүмкүн. Тарыхта акыл-эстүү, ак пейилдүү касиетти таратуучу устаттар өз коомун өзгөрткөн мисалдар көп кездешет эмеспи. Муса, Ыбрай, Ыйса, Мукамбет жана башка улуу инсандар жалпы адамзаттын өнүгүүсүн тездетишкен.

Чыныгы устат көңүлдөгүдөй (идеалдуу) бийлик кандай болушу керектигин көрсөтө алат. Анын таасири жакынкы келечектин өкүлү, жаңы коомдун жараны боло турган баланын инсанын кристаллдаштырышы (же майыштырып, сындырышы), рухий дүйнөсүн өстүрүп-жетилтиши (же кедерин кетириши) мүмкүн.

Ошондуктан ал жарыгын текши чачкан, жандуунун баарын мээримине, жашартуучу касиетине бөлгөн Күндөй болушу керек. Бийлик Устатка окшош болушу (жакшылыкты жалпыга жайылтууга өбөлгө түзүшү) же анын теңирден тескериси болушу (бардык балдардын сапаттуу таалим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздашы) мүмкүн.

Эгер мектеп өксүсө, бүтүндөй коом бүлүнөт. Социалдык оор апааттардан эң күчтүү, бай адамдар да орду толгус жоготууга учурайт. Бирок баарынан да мугалимдерге жаман болот…

“Чөгүп бараткандар өздөрүн куткарышы керек”

Баарынан көз каранды, ар кимдин жемесине калган, өйдө жактан келген буйруктар менен нускоолорду гана аткарган бечара агай, эжейлердин колунан эмне келет?

Өзүңүздөн баштаңыз: жагдайды шашпай иликтеңиз (акыр заман боло элек!), кемсинүү абалынан кантип кутулушту ойлоңуз. Сиз АДАМсыз. “Бул менин ишимби? Эгер тандоодон адашпаган болсом, кесипкөйлүгүмдү кантип өркүндөтөм? Жок, эгер бул иш мага туура келбесе, каякка которулушум керек?”, – деп акыл калчаңыз.

Ишке ак дилден киришүү – киши мүнөзүнүн бекем калыптануу жана инсан катары өсүп-жетилүү жолундагы эң зарыл шарттардын бири. Өзү өсүшкө дайым умтулуп, ак эмгек менен жашаган адам гана башкаларга (кесиптештерине, жетекчилерге, коомго, бийликке) талап койгонго акылуу болот. Жеке өрнөгү жана ак сөзү менен ар бир адам өзүнүн үзөңгүлөштөрүнө же шакирттерине, окуучуларына таасир эте алат.

“Башчыга силер эмес, башчы силерге көз каранды болгудай кылып иштегиле”, - дечү эле студент кезибизде кураторубуз.

Мыкты мугалимдер өзүнө көз карашы жакын адамдарды көбүрөөк таанып, конкреттүү маселелерди кантип чечүү жөнүндө санаалаштары менен талашып-тартыша, баарлаша жүрүшү керек. Бул үчүн бүгүнкү маалымат технологияларын кеңири колдонууга болот.

Жарандык коом ойгонсо

Акыркы жылдарда устаттарга көңүл бургандар көбөйдү. Мугалимдер арасында ар түрдүү конкурстарды жеке адамдар, коомдук уюмдар уюштуруп келет. Жеңүүчүлөр байге катары машине, компьютер, Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо, пайдалуу курстарга катышканга сертификат алууда. Мурунку окуучулары мугалимине там салып же сатып берген мисалдар да бар.

2021-жылы октябрдын башында «Новотел» мейманканасында «Билимге инвестиция» аттуу өзгөчө иш-чара өткөрүлүп, жарандык демилгечилер республиканын мектептерин колдоо максатын көздөгөн абдан кызыктуу долбоорлорго салым катары жарым миллион сомдон ашуун каражат чогултушту.

Конференциянын уюштуруучулары жана катышуучулары жеңүүчү мугалимдер менен.
Конференциянын уюштуруучулары жана катышуучулары жеңүүчү мугалимдер менен.

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына билим берүү чөйрөсүнүн ондогон өкүлдөрү талапкер болушту. Алардын арасында билими эле эмес, жарандык позициясы, өжөр, туруктуу мүнөзү менен да таанылган мыкты инсандар бар. Ырас, эч кимиси шайланбады, бирок алардын ушундай кадамга батынганы, жекече топтогон добуштары коомчулуктун сый-урматына ээ экенин көрсөткөнү эле жакынкы келечекте жакшы өзгөрүүлөр болоруна үмүттөндүрүп койду.

Элеттик мугалимдин ишмердигине арналып уюштурулган бүгүнкү республикалык жыйын да биздин өлкөнүн турмушундагы маанилүү, жаркын окуялардын бири болуп саналат.

Устаттык жолдун уңгусу

5-январда Кара-Кулжа районундагы автордук мектеп-гимназиянын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Орозали Сайдилкановдун педагогикалык ишмердигине арналган “заманбап мектеп модели: гумандуу, улуттук жана демократиялык баалуулуктар” аттуу илимий-практикалык конференция болду. Анда таанымал устаттын кесиптештери, шакирттери, анын баа жеткис тажрыйбасын бүткүл өлкөгө жайылтууну көздөгөн замандаштары чогулду.

Жыйындын алкагында мугалимдерге абдан керектүү жаңы китептердин көргөзмө-соодасы жана О. Сайдилкановдун "Устаттык жолдун уңгусу” китебинин бет ачары болду.

“Китеп.kg" басмасынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов, (оңдон биринчи), Орозали Сайдилканов жана Дүйшөн Шаматов Ак-Талаа районундагы Б. Календеров атындагы орто мектебинин 10-класс окуучусу Рахат кызы Салтанат менен (дилбаян конкурсунда биринчи орунду ээлеп, ноутбук алды).
“Китеп.kg" басмасынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов, (оңдон биринчи), Орозали Сайдилканов жана Дүйшөн Шаматов Ак-Талаа районундагы Б. Календеров атындагы орто мектебинин 10-класс окуучусу Рахат кызы Салтанат менен (дилбаян конкурсунда биринчи орунду ээлеп, ноутбук алды).

Конференциянын темасы боюнча мурдараак жарыяланган мыкты баяндамалар конкурсунун, ошондой эле жердешибиз, Казакстандын Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов жогорку класстардын окуучулары арасында уюштурган “Мен мугалим болгум келет” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө байгелер ыйгарылды. Өлкөнүн өсүп-өнүгүшү, жакынкы келечеги үчүн билим берүү канчалык зор мааниге ээ экендигин жакшы түшүнгөн санаалаштар чер жаза баарлашты.

Жолдош Турдубаев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG