Ички иштер министрлиги (ИИМ) Евробиримдикке кирген өлкөлөрдөн уурдалган автоунаалар Кыргызстандан табылганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 2021-жылдын 30-декабрында министрликтин кызматкерлери Бишкек шаарындагы автосалондордун биринде тинтүү жүргүзүп, 18 автоунаа алынган. Анын ичинен беш премиум-класстагы машине 2020-2021-жылдары Швецияда уурдалганы аныкталган.
Бул Ички иштер министрлигинин Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ишке ашкан.
Ушул тапта автоунааларды уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо, Интерпол тарабынан издөөгө алынган башка машинелерди табуу иштери жүрүп жатат. (BTo)
Дагы караңыз