Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Таабалды Тиллаев Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
45 жаштагы Таабалды Тиллаев 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2020-жылкы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен катышкан. 2021-жылы өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо "Альянс" партиясынын тизмеси менен барган.
2021-жылдын август айынан бери Транспорт жана коммуникациялар министрлигин Эркинбек Осоев жетектеп келет. (МТа)