Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:55

Иран франциялык илимпоз аялды кайрадан камакка алды


Фариба Аделха.
Фариба Аделха.

Ирандын бийлиги теги ирандык илимпоз Фариба Аделханы «үй камагынын эрежелерин бузган» деген айып менен кайрадан түрмөгө отургузганын ырастады.

Соттук маалыматтарды чыгарган Mizan.news агенттиги 16-январда сот өкүлдөрүнүн маалыматына таянуу менен Аделха үй камагынын талаптарын он чакты жолу бузганын жазды.

12-январда Франциянын тышкы иштер министрлиги Фариба Аделханы кайрадан камакка алуу чечимин айыптап, аны токтоосуз түрдө бошотууга чакырды. Мекеме мунун арты Париж менен Тегерандын мындан аркы ымаласына терс таасирин тийгизерин да эскертти.

Фариба Аделха - Париждеги саясат институтунун антрополог-иликтөөчүсү. Ал 2019-жылы Иранда “мамлекеттик коопсуздукка доо кетирген” деген кине менен кармалып, 2020-жылы алты жылга кесилген. Кийин сот аны Тегерандагы эжесинин үйүндө үй камагында жүрүүгө уруксат берген.

Аделхада Ирандын да, Франциянын да паспорту бар. Иран кош жарандуулукту кабыл албагандыктан улам аны Францияга кайтарбай келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG