Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Ооганстанда талибдердин бийлигин сындаган профессор камалды


Кабул университеттин профессору Файзулла Жалал "Толо" телеканалындагы берүүлөрдүн биринде сүйлөп жатат.
Кабул университеттин профессору Файзулла Жалал "Толо" телеканалындагы берүүлөрдүн биринде сүйлөп жатат.

Ооганстанда телеканалдагы түз ободо талибдердин өкмөтүн сынга алган Кабул университетинин профессору Файзулла Жалал 8-январда камалды. Бул маалыматты анын кызы Хасина ырастады.

20-ноябрда түз көрсөтүлгөн талкуу маалында профессор «Талибанды» (Кыргызстанда тыюу салынган) бийликти бир колго алып, сөз эркиндигин басмырлаганы үчүн сынга алган.

«Кабулдагы кырдаалды көрүп, ыйлагым келет. Адамдардын жегенге наны жок» деген Жалалдын сөздөрүн оогандыктар социалдык тармактарга бөлүшүп, айрымдары анын сүрөтүн өз баракчаларына коюп алышкан.

«Талибандын» маалымат катчысы Забиулла Мужахид профессор «негизсиз билдирүүлөрү жана жарандарды талибдерге каршы үндөгөнү үчүн» камалганын «Твиттерге» жазды.

Файзулла Жалал буга чейин да бийликти ачык сындап келген. Көп жылдардан бери ал телеталкууларда өз пикирин ачык айтканы менен белгилүү болчу. Анын камалышын бир катар жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары, жөнөкөй жарандар сынга алышты. Алар Жалал ооган элинин үнү болгонун айтышууда.

Профессордун жубайы Масуда Жалал 2004-жылы президенттикке ат салышкан алгачкы аялдардын бири болгон.

XS
SM
MD
LG