Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:28

Алматыда кармалган музыканттын жакындары Бишкекте митингге чыгышты


Бишкекте мызыкант Викрам Рузахуновду колдогон митиг өтүп жатат. 9-январь, 2022
Бишкекте мызыкант Викрам Рузахуновду колдогон митиг өтүп жатат. 9-январь, 2022

Бишкекте Казакстандагы соңку башаламандыктарга тиешеси бар делип кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду колдогон митинг өтүп жатат. Казакстандын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдына чогулган 50дөй киши Рузахуновду Кыргызстанга алып келүүнү талап кылып жатышат. Алар казак Ички иштер министрлиги Рузахунов тууралуу жалган маалымат таратып жатканын айтып, ага баа берүүгө чакырышууда.

Чогулгандар арасында кыргызстандык белгилүү ырчы, музыканттар Кайрат Примбердиев, Юлия Руцкая, Ырыскелди Осмонкулов жана укук коргоочулар, жөнөкөй жарандар бар. Алар Казакстандагы соңку окуяларга катышы бар делип кармалгандар арасында Кыргызстандын атуулдары бар же жок экенин текшерүүнү өлкө президентинен, акыйкатчы, Жогорку Кеңеш, Тышкы иштер министрлигинен талап кылып жатышат.

9-январда Казакстандын "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" телеканалы башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан.

Видеодо катуу сабалган адам “белгисиз адамдар” аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан.

Анын Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон. Соцтармактарда Кыргызстандык активисттер казак бийлигин маалыматты бурмалабай берүүгө чакырууда.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги учурда Рузахуновдун кармалышына байланыштуу жагдайларды тактап жатанын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы, бүгүн 9-январда тараткан маалыматка караганда, музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган.

Авиабилет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынганын жана ал Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткенин милицияга жакындары билдиришкен. (КЕ/MTa)

XS
SM
MD
LG