Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Үкибай "Назарбаев Коопсуздук кеңештин төрагалыгын өзү тапшырганын" билдирди


Талдыкорганда кулатылган Нурсултан Назарбаевдин айкели.
Талдыкорганда кулатылган Нурсултан Назарбаевдин айкели.

Казакстандын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары экс-президент Нурсултан Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Үкибайдын маегин басып чыгышты. Анда ал Назарбаев Коопсуздук кеңештин төрагалыгын "абалды түшүнгөндүктөн, өз эрки менен Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенин" айткан.

Буга чейин Айдос Үкибай маалымат каражаттарына Нурсултан Назарбаев Казакстанда экенин, башкалаада Касым Жомарт Токаев менен абалды жөнгө салуу үчүн жолугушууларды өткөрүп жатканын билдирген.

5-январда Казакстандагы Маңгыстау облусундагы газдын кымбатташына каршы нааразылык акциялары башка чоң шаарларга да жайылган. Анын арты тополоң менен коштолуп, абал курчугунда президент Токаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын өзүнө алганын жарыялаган. 2019-жылы Назарбаев президенттик кызматты тапшырып, бирок Элбасы деген макамды сактап калган. Өмүр бою Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматына бекитилген.

Өлкөдө кырдаал катуу чыңалып турган кезде мурдагы президенттин кай жерде экени тууралуу эч кандай маалымат айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG