Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:19

Молдалиев: Казак бийлигинин сөзүнө антитеррордук уюмдар реакция жасашы керек


Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

Казакстандын расмий бийлигинин "террористер кол салды" деген билдирүүсүнө антитеррористтик уюмдар реакция кылышы керек. Бул тууралуу "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө коопсуздук боюнча эксперт Орозбек Молдалиев билдирди.

"Эл аралык террористтик уюмдар бар. Бизде кеңсеси жайгашкан бир уюм бар. Ташкентте кеңсеси жайгашкан ШКУнун антитеррористтик уюму бар. Ошолор эмне болгон террористтер кол салды айтыш керек. Кийинки кезде "террористтер" деген термин шылтоо катары колдонулуп калды. 2005-жылы өзбек бийлиги Анжиян окуясына катышкандар "Кыргызстанда даярдалган террористтер" деп айтып, Кыргызстан аны четке каккан. Кийин Ооганстанда, Чеченстанда даярдалган деп, алар дагы четке кагып ыңгайсыз абалда калган". - деди Молдалиев.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптарга саясий чакырыктар кошулду. Өлкөнүн башка аймактарындагы кырдаал боюнча маалыматтар жок. Шаршемби күнү Алматы Казакстандагы окуялардын чордонуна айланды. Шаарда автоунаалар өрттөлүп, демонстранттар шаар акимчилигинин имаратын басып алып, өрттөп жиберишти.

Казакстандын расмий бийлиги ондон ашык полиция кызматкери каза тапканын, миңден ашууну жаракат алганын маалымдады. Митингчилер арасында да жоготуулар бар экени тууралуу кабарлар айтылып жатат, бирок расмий бышыктала элек. Алматы полициясы буга чейин ондогон адам каза тапканын билдирген.

Бейшембиде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) катчылыгы Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнүн алгачкы тобу Казакстанда кызматын өтөй баштаганын ырастады.

Анын алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын билдирген. Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарга кескин сынга кабылып жатат. (МТа)

XS
SM
MD
LG