Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:07

Алматыда ондогон адам каза тапканы кабарланды


Алматы. 5-январь, 2022-жыл.
Алматы. 5-январь, 2022-жыл.

Казакстандын Алматы шаарында түндөсү полиция департаментинин жана райондук башкармалыктардын имараттарына кол салууга аракет кылган ондогон киши укук коргоо органдары тарабынан жок кылынды. Бул тууралуу шаардык полиция департаментинин өкүлү Салтанат Азирбекке шилтеме берип, бир катар орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Салтанат Азирбек "Интерфакс" агенттигине "учурда каза тапкандардын тек-жайын аныктоо иштери жүрүп жатканын" айткан.

Бүгүн, 6-январда эртең менен ТАСС жана Би-Би-Си орус кызматы аскер күчтөрү Алматынын борбордук бөлүгүн курчоого алып, атайын операция өткөргөнүн кийин курчоо алынганын жазып чыккан.

Интернет байланышы иштебей, мамлекеттик жана маалымат агенттиктеринин сайттары ачылбай жатат.

Шаршемби күнү Алматы Казакстандагы окуялардын чордонуна айланды. Шаарда автоунаалар өрттөлүп, демонстранттар шаар акимчилигинин имаратын басып алып, өрттөп жиберишти. Ошондой эле аэропортту белгисиз кишилер ээлеп алышканы айтылып, бир нече сааттан кийин бийлик кайтарып алганы кабарланды. Бирок, бир нече каттамдар токтотулду. Казакстандын Ички иштер министрлиги сегиз кызматкери каза тапканын, дагы 317си жаракат алганын тастыктады. Митингчилер арасында жоготуулар боюнча маалымат айтылган эмес.

6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөн. Ал Алматыда башаламандык жараткан топторду “анык террорчулар” деп атады. Алматыда "антитеррордук операция" жүрүп жатканы кабарланууда.

5-январда Алматы шаарында жарыяланган өзгөчө абал режиминин алкагында коменданттык саат киргизилген. Коменданттык сааттын убактысы түнкү саат 23:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин деп белгиленди. Шаардын коменданты болуп калаанын милиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов дайындалган. (AbA)

XS
SM
MD
LG