Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекет башчылары менен сүйлөштү


ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары.

Президент Садыр Жапаров 5-январда кечинде Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

Мамлекет башчысы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөн.

Тараптар ЖККУнун уставына ылайык, кризистик кырдаалды жөнгө салуу боюнча коопсуздукту камсыздоонун бирдиктүү позициясын талкуулашкан.

Маалыматта президент Садыр Жапаров коңшу өлкөдөгү болгон адам курмандыктары, көптөгөн талап-тоноочулук жана башка фактылар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдиргени айтылат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн топтор" уюштуруп жатканын билдирген.

Уюмга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 6-январда "Фейсбук" аркылуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн билдирди.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар айтылды.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Алматыда "антитеррордук операция" жүрүп жатканы кабарланууда. (МТа)

XS
SM
MD
LG