Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:06

Казакстанда интернет иштебей калды


Казакстандагы нааразылык акциялары. 5-январь, 2022-жыл.
Казакстандагы нааразылык акциялары. 5-январь, 2022-жыл.

Казакстанда интернет өчүп, сайттар, анын ичинде “Азаттык” радиосунун сайты да ачылбай калды. Телефон байланышы да начарлады. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады.

“Азаттыктын” Алматыдагы жана башка аймактардагы кабарчылары тарткан видео, фотолорун жөнөтө албай жатышат. Калктын нааразылыктарын чагылдырып жаткан Vlast.kz да ачылбай жатат.

Интернетке мониторинг жүргүзгөн GlobalCheck сервисинин маалыматына ылайык, провайдерлер чектеп жатканы үчүн интернет иштебей жатат. “Казактелеком” оператору мобилдик интернетти жаап коюшу мүмкүн. Бийлик интернеттин начарлаганы жөнүндө эч кандай маалымдама жасаган жок.

5-январда түштөн кийин демонстранттар Казакстандын Алматы шаарындагы акимчиликке кирип барды. Чогулгандар желим союлдар менен полициянын катарын бузуп өтүшкөн. Полиция кызматкерлери аларды токтотууга аракет кылып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Айрым басылмалар митингчилер менен полиция ортосунда кагылышуулар болгонун жазды.

Бийлик башындагы “Нур Отан” партиясынын Алматыдагы имараты жана Алматы шаардык прокуратурасынын имараттары өрттөлдү.

Казакстандын Актөбө шаарында демонстранттар менен полиция ортосундагы кагылышуу уланууда. Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Рүстем Исаев жети адамды “Тез жардам” кызматы алып кеткенин ырастады. Башка шаарларда чогулгандар акимиаттардын алдында жана борбордук аянттарда топтолуп турушат.

2-январда Жаңы-Өзөн, Актауда газдын кымбатташына каршы акция башталып, өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында, Алматы шаарында, Алматы менен Маңгыстау облустарында өзгөчө абал жарыяланган. Анын алкагында шаарларда комендантык сааттар киргизилүүдө. Режимдер 19-январга чейин деп белгиленген. 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды.

ИИМ 200дөн ашуун киши кармалганын, “акимчиликтерге кол салуу болуп”, имараттар, полициянын 37 кызматтык автоунаасы талкаланганын билдирген. Ошондой эле 95 полиция кызматкери жаракат алганы айтылды. Митингчилер арасындагы жабыркагандар боюнча расмий маалыматтар жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG