Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

Алматыда полиция көздөн жаш чыгаруучу газ колдонгону кабарланды


Алматыда чогулгандар, 4-январь, 2022-жыл.
Алматыда чогулгандар, 4-январь, 2022-жыл.

Казакстандын Алматы шаарындагы Эгемендик аянтына жакын аймакка чогулган миңдеген демонстрантка полиция көздөн жаш чыгаруучу газга окшогон зат колдонду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын айткандарына шилтеме кылып, “Азаттыктын” казак кызматынын Алматыдагы бюросунун жетекчиси Касым Аманжол билдирди.

Анын айтымында, эки саат мурдараак Алматыдагы Ала-Тоо театрынын жанында митингчилер менен полиция кагылышты. Андан соң демонстранттар шаардагы Эгемендик аянтына бет алышкан. Учурда Алматыда мобилдик интернет иштебей жатат. Социалдык тармактарга кирүүгө да бөгөт коюлган.

Телеграм каналдарында Алматыда тартылганы айтылган видеолор жарыяланууда. Алардан шаарда кулак тундуруучу граната сыяктуу аскердик каражаттардын добушу угулуп жатат.

Аманжол билдиргендей, полиция менен кагылышуу Актөбөдө да болду. Актау жана Жаңы-Өзөн шаарларында миңдеген адам топтолуп турат. Алар түндү чатырларда өткөрө турган болууда.

Казакстандын Маңгыстау облусунда жана Жаңы-Өзөн шаарында суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер 2-январда башталган. Соңку эки күндөн бери бул митингдерди колдогон акциялар Казакстандын бир топ шаарында өтүп, бийликтин кетишин, жашоо-шартты жакшыртуу жана башка талаптар айтылууда.

4-январда казак полициясы Нур-Султан, Алматы баштаган бир нече шаарда акцияга чыккан ондогон адамды кармады.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев газдын баасы 120 тендеген 50 теңгеге түшүрүлө турганын айтып, демонстранттарды “деструктивдүү күчтөрдүн чакырыгына алдырбоого” үндөдү.

XS
SM
MD
LG