Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:33
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

19:52 5.1.2022

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү кырдаал боюнча мамлекеттик телеканалдар аркылуу кайрылуу жасады. Анда башаламандык учурунда каза болгондор да бар экенин маалымдап, мындан ары демонстранттарга катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

“Мен президент катары жарандардын коопсуздугу жана тынчтыгын, Казакстандын бүтүндүгү коргошум керек. Мен кабыл алган чаралар көп улуттуу Казакстандын бакубаттуулугуна багытталган. Акцияга чыккандардын арасында бейбашчылыктын элементтери көбүрөөк байкалып жатканын айтып коюш керек. Бул финансылык кызыкчылыктары бар кутумчулардын атайын пландалган аракеттеринен кабар берип турат. Ооба, кутумчулар деп атайм. Ошондуктан мен мамлекет башчысы жана бүгүнкү күндөн тартып Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары өтө катуу чараларды көрөм. Бул өз өмүрүн жана үй-бүлөлөрүн коргоо үчүн жардам сурап жаткан биздин жарандардын коопсуздугу. Бул биздин мамлекеттин коопсуздугу маселеси. Эл мени колдойт деп ишенем. Кандай болбосун мен борбордо кала берем. Калк менен бир болуу менин конституциялык милдетим. Казакстандын тарыхындагы кара такты чогуу жеңебиз",-деди ал.

20:02 5.1.2022

Социалдык тармактарда Талды-Коргондо Назарбаевдин эстелигин кулатууга аракет кылып жаткандар тартылган тасма тарады. Анда "бул Алматы облусунун Талды-Коргон шаарында болуп жатканы" айтылат.

21:03 5.1.2022

Митингчилер Алматыдагы аэропортту ээлегени кабарланууда

Демонстранттардын тобу Алматы шаарындагы аэропортту ээлеп алганын Телеграмдагы Orda_kz каналы күбөлөргө шилтеме кылып кабарлады. Азырынча бул маалыматты көз карандысыз булактар же бийлик өкүлдөрү ырасташа элек.

Беларустагы демонстрацияларды чагылдырып жүргөн Nexta-Live телеграм-каналы митинчилер аэропорту ээлеп алганын аба майдандын коопсуздук кызматы бышыктаганын, бүгүнкү аба каттамдары аткарылбай турганын билдирди.

Мунун алдында Би-Би-Синин орус кызматы ондогон митингчилер Алматынын аэропортуна багыт алганын орусиялык журналисттерге шилтеме кылып жазган.
Орусиялык TACC агенттиги болсо “Аэрофлот” авиакомпаниясы шаршембинин кечине белгиленген Москва - Алматы каттамын токтотконун маалымдаган.

Алматыдагы аэропорт
Алматыдагы аэропорт

22:46 5.1.2022

Nexta Live: Талдыкорганда Назарбаевдин эстелиги кулатылды


Талдыкорган шаарында Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин айкели кулатылганын ырастаган сүрөттөр Телеграмдагы Nexta-Live сыяктуу бир катар каналдарга тарады. Анда эстелик экиге бөлүнүп, жерде жатканын көрүүгө болот.

Азырынча бул сүрөттөрдү көз карандысыз булактар аркылуу ырастоого мүмкүн боло элек. Казак бийлигинин өкүлдөрү да Талдыкоргандагы бул окуя боюнча маалымат бере элек.

Буга чейин Талдыкорганда чогулган митингчилер Назарбаевдин эстелигине жип байлап, аны кулатууга аракет кылып жатканы көрүнгөн видео интернетке тараган. Бирок ал видеодо айкел кулап түшкөнү тартылган эмес.

81 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 30 жылдай башкарып келип, 2019-жылы бийлигин Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Бирок ал Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары саясий таасир сактап калган.

5-январда Токаев элге жолдогон видео кайрылуусунда бул кеңештин төрагалыгын өз колуна алганын айтты.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары Назарбаевди кызматтан кетүү үндөгөн “Чал, кет!” деген сыяктуу чакырыктар айтылууда.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Аны улай президент Токаев кайрылуу жасап, коомдук тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскертти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG