Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Токаев: бийлик кулабайт, бирок бизге диалог керек


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү соңку нааразылыктар боюнча экинчи жолу видео кайрылуу жасап, элди сабырдуулукка чакырды.

“Урматтуу мекендештер, баарыңыздарга кайрылып жатам. Ичтен жана сырттан болгон түрдүү кабарларга ишенип, митингдин эйфориясына алдырып, тартипсиздикке жол бербей, парасат жана акыл менен чечим кабыл алууга чакырам. Жарандык жана аскердик максаттагы кызматтык имараттарга чабуул жасоого үндөгөн ураандар мыйзамга каршы келет. Бул кылмыштык аракет. Бийлик кулабайт, бирок бизге өз ара диалог керек. Жаштарга айтарым, жаркын келечегиңиздерге балта чаппаңыздар, жакындарыңыздардын жагдайын ойлоңуздар, бардык талаптар мыйзамдын чегинде эске алынат”,- деди видео кайрылуусунда.

Токаев мунун алдында Твиттердеги баракчасы аркылуу кайрылып, чогулгандарды “коомдун бүтүндүгүн жана стабилдүүлүгүн бузууга кызыкдар бүлүндүрүүчү (деструктивдүү) адамдарды ээрчип кетпөөгө” чакырган. Ал “башка социалдык-экономикалык мүнөздөгү талаптар келерки күнү борбордо өтчү кеңешмеде караларын” билдирди.

Президент “калк ичиндеги туруктуулукту сактоо максатында өкмөт Маңгыстау облусунда суюлтулган газдын баасын 50 теңгеге чейин арзандатууга барарын” да айтты.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да уланды. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн кетишин жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.

Нааразылыкка чыккандарды полиция кармап кетүүдө. Шейшемби күнү Алматы шаарында эле 150дөй жаран кармалганы маалымдалды. Анын ичинде “Азаттыктын” казак кызматынын эки кызматкери кармалды. Алматы бюросунунун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Касым Аманжол кармалып, кайра бошотулду. Нур-Султан шаарында полиция кызматкерлери "Азаттыктын" редактору Дархан Омирбек автоунаага салып алып кетишкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG