Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:30

Сот Аспековдун жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган жок


Мелис Аспеков сот залында. Архив.
Мелис Аспеков сот залында. Архив.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган активист Мелис Аспековго байланыштуу ишти 30-декабрда карап, аны 30-январга чейин абакта калтырды. Жактоочусу Сергей Манукяндын айтымында, 8-январда Аспековдун кармалганына бир жыл болот. Адвокат жаңы мыйзамдар боюнча шектүү бир жылдан ашык тергөө абагында кармалбашы керек экенин айтып, соттон 8-январда бөгөт чарасын кароо өтүнүчүн келтирген.

Бирок, сот жактоочунун өтүнүчүн четке кагып, сот отурумун 19-январга белгиледи.

Аспеков 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашууда Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында ал “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Алгач Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, май айында ага "Алдамчылык" беренеси да кошулган. Ал муну “коркутуу аракети” деп баалаган.

Августта Аспековдун жүрөгүнө "Бикард" менчик клиникасында операция жасалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG