2021-жылы январда президенттик кызматка киришкен Садыр Жапаров көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүүнү убада кылган. Бул убадасынын өтөсүнөн чыга алдыбы? Узаган жылга сереп салабыз.
28-декабрда Санкт-Петербургда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (СССР урагандан кийин 1991-жылы түзүлгөн) бейформал саммити өттү.
Жолугушуу орус президенти Владимир Путиндин демилгеси менен өтүп, анда маанилүү деле документ кабыл алынган жок. Учурдун көйгөйүнө айланган коронавирус пандемиясы боюнча гана сөз болуп, постсоветтик чөлкөмдүн лидерлери вируска каршы чараларды талкуулады.
Талдоочулар белгилегендей, бейформал саммит шериктеш өлкөлөрдүн президенттеринин Жаңы жыл алдында чогулуп, пикир алмашуусу болду.
Саммитке КМШга кирген Украина, Молдова сыяктуу мамлекеттердин лидери катышкан жок. Бул сапар Садыр Жапаровдун быйылкы жылдын эсебинен соңку чет өлкөгө визити болуп калды.
Быйыл январь айында Жапаров өлкө башчылыгына киришкенден бери өлкөнүн тышкы саясатында эмнелер өзгөрдү деген суроо жылды жыйынтыктап жатканда кызыгуу жаратууда.
Алгачкы сапарлар, түйшүккө салган чек ара
Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев бул жылдын өзгөчөлүгү катары жаңы президенттин келиши менен сунушталган жаңы демилгелерди жана сапарларды атады:
"Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү же жетишкендиги катары айтчу нерсе - биз бардык мамлекеттер менен түз жана теңтайлаш мамилебизди сактап калдык. Анткени былтыркы саясий кризистен соң кошуна да, алыскы да өлкөлөр кандай болуп кетет экен деп бизди тиктеп турушкан. Ошондой кырдаалда шайлоолорду өткөрүп, президент кызматына киришип, бир катар мамлекеттерге сапар менен барды. Анын жүрүшүндө буга чейинки иштер менен катар жаңы, жакшы демилгелер көтөрүлдү. Мисалы, өнүктүрүү, инвестициялык фонддор түзүлдү, эл аралык деңгээлде бир катар резолюциялар кабыл алынды".
Cадыр Жапаров президенттикке киришкен соң алгачкы чет өлкөлүк сапарын Орусиядан баштаган.
Андан бери Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия сыяктуу өнөктүш өлкөлөргө мамлекеттик жана жумушчу иш сапарлар менен барып келди. Бул визиттер таанышуу форматында болгону менен чоң убадалар да айтылды.
Маселен, Ташкентке барган учурда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштерин үч айда аяктоо, Кыргызстандагы ири энергетикалык объектилерди биргелешип куруу макулдашылганы айтылган. Бирок, бул убадалар иш жүзүндө ишке аша элек.
Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев биринчи жылды президент Жапаров таанышуу мүмкүнчүлүгү катары колдонгонун белгилеп, бирок эң оор сыноолорго туш болгонун айтууда.
"Тажикстан менен болгон кризис эң чоң сыноо болду көрүнөт. Бул маселеде Садыр Жапаровдун сабырдуу, оор басырыктуу саясаты артыкчылык болсо, бир четинен ашкере ийкемдүүлүктөй да кабыл алышты. Канткен да бул маселе азыркыга чейин чечилбей, башы ачык бойдон калууда. Башка мамлекеттер менен, жада калса Орусия, Казакстан менен деле мурдагыдан ашыкча алгылыктуу же жемиштүү болду дегендей көрүнүш орун ала элек".
Чынында эле бул жылдагы кыргыз президенти жана дипломатиясын сынаган учур - жазындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал болду. Эки тараптан 50дөн ашык адамдын өмүрүн алган жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр тышкы иштер министрлери жүргүзүп, ок атуу токтотулган эле.
Андан бери бир нече сүйлөшүү өтүп, президент Садыр Жапаров Дүйшөмбүгө барып келди.
Азыркы тапта эки тарап талаштуу чек ара маселесин чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн айтканы менен конкреттүү жыйынтык жарыялана элек.
Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев бул жаатта саясий диалог уланып жатканын "Азаттыкка" билдирген:
"Учурда саясий диалог уланып жатат. Андан сырткары жумушчу топтор иштеп, ай сайын эки жолудан жолугуп жатышат. Акырындап такташууда. Биз дагы түшүндүрүп, бул баракты жаап, жаңыдан баштайлы деп айтып жатабыз. Ал үчүн эки мамлекеттин ортосунда кызыкчылык бирдей болсун, силер да биз да уттурбайлы деп айтканбыз. Эки тарап тең жогору жактан акылдашкан, азыр эксперттер сүйлөшсүн, алар бир такташкан соң өкмөт аралык иштер башталсын деп макулдашкан".
Дал ушул коңшулаш эки өлкө ортосундагы мамилени жөнгө салып, чек ара маселесин чечүү Жапаровдун администрациясынын алдындагы башкы сыноолордун бири.
Глазгого сапар: Батышты байкоо
Президент постсоветтик аймактан сырткары Глазгодогу климаттын өзгөрүшүнө каршы саммитке катышты. Бул жыйындын алкагында кыргыз президенти АКШ президенти Жо Байден баш болгон бир нече батыш лидерлери менен таанышып, айрымдары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Жапаровдун Глазго сапары Кыргызстандын көп тараптуу дипломатия жүргүзүү саясатынын бир көрсөткүчү болду.
Мындан сырткары бул жылы расмий Бишкек бир нече жылдан бери пландалып келген "Евробиримдик - Борбор Азия" форумун уюштурду. Экономикалык форум Кыргызстан үчүн Глазгодогу климаттык саммиттин логикалык уландысы болуп калды.
Биринчиден, президент Жапаров өлкө башчысы катары Европага биринчи жолу чыгып, Батыш менен кызматташууну арттырууну көздөгөн саясатын жар салган эле. Бул жолу да дал ушул риторикасын улантып, Батыш мамлекеттерине Кыргызстан экологияны сактоонун тарапташы экенин дагы бир ирет эскертти.
Бирок, Батыш өлкөлөрү менен кызматташыкта Кыргызстанды түйшөлткөн бир катар маселелер бар. Алардын башында 2015-жылы кыргыз өкмөтү бир тараптуу жокко чыгарган АКШ менен кызматташуу келишими боюнча жагдай турат. Бул документ кайрадан даярдалып жатканы айтылганы менен алты жылдан бери кол коюлбай келет. Президент Садыр Жапаровдун командасы үчүн дал ушул келишимди даярдап, АКШ тарап менен кол коюу милдети турат.
Мындан сырткары кийинки жылы Европа өлкөлөрүнө иш сапары менен барышы күтүлүүдө. Брюссел менен Бишкектин ортосундагы мамилени аныктоочу бир катар жагдайлар бар.
Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын буга чейин парламенттик жолду тандап, демократиялык баалуулуктарды көздөгөнүнө Европа Биримдиги маани берери айтылып келген. Бирок быйыл жыл башында Конституциялык реформадан кийин өлкө президенттик башкарууга кайтты.
Толук колдонулбаган макам
Евробиримдик Кыргызстанды "ВСП+" - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат бар тогуз өлкөнүн катарына киргизсе да, Бишкек бул макамды толук колдоно албай жатканын айткандар бар.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев президент эми Батыш өлкөлөрү менен мамилени жөнгө салууга аракет кылышы керектигин белгилейт:
"Акыркы мезгилде кичине болсо да, үмүттөндүрүп сүйүндүргөнү дал ушул тышкы саясат болуп жатат. Бардык эле президенттер көп векторлуу тышкы саясат жүргүзөбүз деп келген. Бул жолу Европа жана башка өлкөлөр менен бирдей мамиле жүргүзүүгө аракет болгондой. Буга Евробиримдик менен саммит өткөрүп, аракеттер байкалып жатат окшойт".
Экс-депутат тышкы саясаттагы милдет катары айтып жаткан аракеттерди Тышкы иштер министрлиги конкреттүү планга кирген иш катары сыпаттоодо. Министрдин орун басары Нуран Ниязалиев жаңырган жылы президент дал ушул Батыш өлкөлөрү, Араб мамлекеттерине сапар жасарын билдирди.
Мындан сырткары соңку жылдары Кыргызстандын эң башкы экономикалык өнөктөшүнө айланган Кытай менен мамиле да тышкы саясаттын башкы сабында турат. Президенттикке киришкенден бери Садыр Жапаров бул өлкөгө бара элек.
Бишкек Бээжин менен бирге темир жол куруу, кен иштетүү сыяктуу ири инвестициялык келишимдерди ишке ашырарын убада кылган. Бирок азыркы учурга чейин алар аткарыла элек.