Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:33

Жогорку Кеңештин курамы менен түзүмүн депутаттык комиссия иштеп чыгат


Жогорку Кеңештин 29-декабардагы алгачкы сессиясында 7-чакырылыштагы парламенттин курамы менен түзүмүн иштеп чыгуу үчүн 18 депутаттан турган комиссия түзүлдү. Анын курамына “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан Эмил Токтошев, Исхак Масалиев, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан Бакыт Төрөбаев, Элмурза Сатыбалдиев, Бакыт Сыдыков, “Ыйман Нурунан” Султанбай Айжигитов, Динара Ашимова, Замирбек Мамасадыков, “Ишенимден” Улукбек Ормонов, Нурбек Сыдыгалиев, “Альянстан” Жанарбек Акаев менен Алтынбек Сулайманов, “Ынтымак” фракциясынан Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Аида Исатбек кызы, бир мандаттуу округдан Дастан Бекешев, “Элдик” тобунун атынан Акылбек Түмөнбаев, Тазабек Икрамов кирди.

“Азаттыктын” ишенимдүү булагы Жогорку Кеңеште болжол менен тогуз эмес, жети комитет болорун, спикердин эки эмес, үч орун басарын шайлоо тууралуу сунуш каралып жатканын билдирди.

Депутаттык комиссия 30-декабрда түшкө чейин парламенттин курамы менен түзүмүн иштеп чыгып, түштөн кийин жалпы палатанын талкуусуна алып чыгат.

Парламенттин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берип, алгачкы жыйынын өткөрдү. Бүгүнкү жыйында 63 добуш менен “Ынтымак” партиясынын тизмеси менен келген депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Төрагалыкка сунушталган "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Адахан Мадумаровдун талапкерлигин 10 депутат колдогон, 14 эл өкүлү экөөнө тең каршы добуш берди.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары.

Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG