Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:55

Европа соту Орусиядан "Мемориал" боюнча чечимдерди токтотууну талап кылды


Адам укуктары боюнча Европа соту. Страсбург шаары
Адам укуктары боюнча Европа соту. Страсбург шаары

Адам укуктары боюнча Европа соту Орусиядан “Эл аралык Мемориал” коому жана “Мемориал” укук коргоо борборун жабуу тууралуу соттук чечимдерди аткарууну токтото турууну талап кылды. Экөө тең бийлик тарабынан чет өлкөлүк агенттер тизмесине киргизилген. Бул тууралуу “Медиазона” “Мемориалдын” өкүлдөрүнө шилтеме менен маалымдады.

Прокурорлор ал уюмдар чет өлкөлүк агенттин функциясын аткаргандыгы тууралуу маалыматты жаап-жашырып келген деп эспетешет.

Европа соту адегенде “Эл аралык Мемориал” коому менен “Мемориал” укук коргоо борборунун чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзамдын үстөнөн 2013-жылы берилген арыз каралууга тийиш, андан кийин гана ал уюмдарды жапса болорун билдирди.

29-декабрда Москва шаарынын соту "Мемориал" укук коргоо борборун жабуу чечимин чыгарды. Шейшембиде Орусиянын Жогорку соту тарыхый-агартуучу, укук коргоочу “Эл аралык Мемориал” коомун жоюуну буйруган.

Орусиялык жана чет өлкөлүк жүздөгөн маданият ишмерлери, Нобел сыйлыгынын лауреаттары, журналисттер президент Владимир Путинге кайрылып, уюмду куугунтуктоону токтотууга үндөшкөн.

Соттордун соңку чечими Батыш өкмөттөрүнүн, укук коргоочу активисттердин катуу сынына кабылды.

Чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынып, кийин бир нече жолу өзгөртүлгөн.

"Эркин Европа/Азаттык радиосу" агент деп жарыяланган биринчи медиа уюмдардын бири болчу.

XS
SM
MD
LG