Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:40

Кабулда аялдардын укуктарын чектөөгө каршы акцияда ок атылды


Кабул. Иллюстрациялык сүрөт
Кабул. Иллюстрациялык сүрөт

"Талибан" кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) согушкерлери Кабулда аялдардын укуктарын чектөөгө каршы чыккандарга ок атканы кабарланды. Акцияга катышкандардын бири Тамна Сиддики "Азаттыктын" ооган редакциясына айтып бергендей, талибдердин аскерлери аялдарды күч менен таркатып, ок ачканда бир нече киши жарадар болду. Аялдар "Жумуш, нан, эркиндик" деп ураан чакырышкан. Жергиликтүү "Асвака" кабар агенттиги окуя шейшембиде Италиянын кайрымдуулук уюмунун ооруканасынын жанында болгонун билдирди, бирок канча киши жараат алганын, каза тапкандардын бар-жогун тактаган жок.

"Талибандын" расмий өкүлдөрү "Азаттыктын" комментарий берүү өтүнүчүнө жооп бере элек.

26-декабрда талибдердин бийлиги аялдардын эки жакка каттоосун чектеп, эркек тууганынын коштоосунда гана алыс жолго чыга алат деген эреже киргизген.

Кабулдагы бийликти басып алгандан бери кыймыл аялдардын укуктарын тебелеп, улам бир чектөөнү ишке ашырып келатат. Алсак, Аялдар министрлиги жабылган, аялзаттын көпчүлүгүнө иштөөгө тыюу салынган, кыздар билим алуу укугунан дээрлик ажырап калды.

XS
SM
MD
LG