Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:52

Баңги затка байланыштуу 1200 кылмыш катталды


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, быйыл 11 ай ичинде Кыргызстанда үч жарым тоннадан ашыгараак баңгизаттар, психотроптук заттар алынган.

Анын 6 килограммы героин, 217 килограммы гашиш, 290,5 килограммы марихуана, 327 килограмдайы кара куурай, калганы башка психотроптук заттар.

Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү үчүн 13 чет өлкөлүк жаран кармалган. Маңзаттарына байланыштуу жалпы 1200 кылмыш иши катталган.

Эл аралык уюмдардын билдирүүсүндө, Борбор Азиядагы Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу Ооганстандан жыл сайын тонналаган баңгизат Орусия менен Европа өлкөлөрүнө жеткирилет.

Бирок анын так саны тууралуу маалымат жок. Баңгизат Кыргызстан аркылуу негизинен «Түндүк транзит» деп аталган жашыруун жол аркылуу ташылары айтылып келет.(JsA)

XS
SM
MD
LG