Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Беларус жана Польша аркылуу Германияга 11 миңден көп мигрант мыйзамсыз өткөн


Беларус менен Польшанын чек арасы. 2021-жыл
Беларус менен Польшанын чек арасы. 2021-жыл

Германиянын федералдык полициясы билдиргендей, быйыл Польша жана Беларус аркылуу өлкөгө 11 миңден ашык мыйзамсыз мигрант кирген. Европа биримдиги беларус жетекчиси Александр Лукашенконун режими Жакынкы Чыгыштан мигранттарды Польшанын жана шаркеттин башка мүчөлөрү – Литва менен Латвиянын чек арасына атайлап алып келүүдө деп айыптап жатат. Бул көрүнүш Батыштан санкциялар үчүн өч алууну көздөгөн “гибриддик чабуул” катары сыпатталууда. Мыйзамсыз мигранттардын көбү Германияга өтүүнү максат кылышат. Акыркы айларда Берлин Польша менен чек арасында паспорт көзөмөлүн калыбына келтирген.

27-декабрдагы билдирүүдө немис полициясы мигранттар чек арадан мыйзамсыз өткөн учурлардын 95% август-ноябрь айларына туура келери, декабрда сандар азайганы айтылат. Германиянын мыйзамдарына ылайык, башпаанек сураган мигранттар арызы каралгыча өлкөдө кала берүүгө укуктуу.

XS
SM
MD
LG