Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын бузулушун айрым оппозициячыл саясатчылар "тарыхый имаратты талкалоо" катары баалап, бийликти сындап жатышат. Шаардын түштүк ыптасында советтик доордо салынган, мамлекеттик резиденцияга жакын турган конок үйү көп жылдардан бери кароосуз калган.
"Ысык-Көл" мейманканасын бузуу иштери башталганы социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады. Сындагандар "тарыхый имаратты талкалоо" катары бааласа, колдогондор "конок үйү каралбай калганын" айтып, ордуна жаңы имарат тургузууну эп көрөт.
"Тарыхый архитектуралык мурас"
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Ысык-Көл” мейманканасы калаадагы тарыхый архитектуралык мурастардын бири экенин айтып, анын бузулушун кескин сындады. Оппозициялык саясатчы конок үйүнүн бузулушу ага караштуу жерге жана кытай инвесторлору катышкан долбоорго байланыштуу болушу ыктымалдыгын айтат.
"Кеп "Ысык-Көл" конок үйүнө караштуу болгон жер жөнүндө. Ал жерде чоң тилке бар. Демилге кайдан чыкканы да бир аз белгилүү. Себеби, кезинде 2008-2009-жылдары кытай инвесторлору менен ошол жерге имарат курабыз деген долбоор бар болчу. Ошол долбоорго Акылбек Жапаровдун дагы тиешеси болушу керек. Бул имарат тарыхый, архитектуралык мурастардын бири болушу керек эле. Республикалык деңгээлде болбосо дагы, борборубуз Бишкектин деңгээлиндеги тарыхый архитектуралык, маданий имарат болушу керек. Аны ал тизмеден ким чыгарды? Эмне үчүн чыгарды? Бул чоң маселе", - деди Мадумаров.
Мадумаров видеокайрылуусун социалдык тармактар аркылуу жарыялады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мадумаровдун пикирине жооп бере элек.
Ал эми президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев саясатчыга мындай жооп кайтарды:
"Адахан Мадумаровдун мамлекеттик, саясий же коомдук ишмердүүлүгүндө бир да жолу аталган мейманкананы оңдоо боюнча демилге көтөргөнүн эстей албайбыз. Мейманкана Бишкектин тарыхый, маданий эстеликтер мурасынан чыгарылган. Анткени имарат көп жылдардан бери колдонулбай, эскилиги жетип, жараксыз абалга келген. Саясатчы ар бир актуалдуу темадан чуу жараткысы келгендей сезим калтырат".
Султанбаев бул долбоорду ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу боюнча маселе күн тартибинде жок экенин кошумчалады.
24-декабрда президенттин иш башкармалыгы "Ысык-Көл" мейманканасы көп жылдан бери каралбай, эскирип авариялык абалга келгенин, мындан ары пайдалануу кооптуу экенин маалымдаган. Анда аны кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдала турган сумма талап кылынаары айтылган.
27-декабрда президенттик аппарат каражатты рационалдуу пайдалануу, автоунаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу чечими кабыл алынганын билдирди. Азырынча жаңы имаратты салууга канча каражат сарпталаары айтыла элек. Ошондой эле комплекстин аянтты канча экени белгисиз.
Багы ачылбаган мейманкана
2005-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгында жетекчилик кызматта иштеп, 2021-жылы жарым жылдай Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарган Балбак Түлөбаев "Ысык-Көл" мейманканасынын чоо-жайын жакшы билгендердин бири.
Анын айтымында, президенттин иш башкармалыгына караштуу бул мейманкана 2007-жылдардан баштап иштебей калган. Андан бери бардык бийликтин тушунда конок үйүнө сырттан дагы, ички дагы инвестор тартуу үчүн бир топ аракет жасалган. Бирок эч ким кызыккан эмес.
Былтыр Түлөбаев мэр кызматын аркалап турганда Маданият министрлигинде тарыхый-маданий мурас маселесин иликтеген атайын комиссия түзүлүп, шаардык кеңештин чечими менен архитектуралык эстелик макамы алынган. Экс-мэр мейманкананын бузулуп жатканын колдоп, анын ордуна жаңы имарат салууну туура көрөт.
“Президент, Министрлер кабинетинин төрагасы дагы жумушка келатканда жолдор жабылып, элге ыңгайсыздык жаралат. Бузулуп, талкаланып калган мейманкананын ордуна жакшынакай жаңы имарат туруп, айланасы жашылданып, ишке кирип калса жакшы болот”, - деди Түлөбаев.
Борбор калаанын түштүк бөлүгүндө жайгашкан сегиз кабаттуу комплекс 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына курулган. 200 орундуу имаратта кафе-ресторан сыяктуу бардык шарттар каралган. Конок үйү 1993-жылы архитектуралык эстелик макамына ээ болгон.
2000-жылдардан баштап мейманкана кароосуз калып, жыл өткөн сайын талкалана баштаган. Колдонулбай турган имарат оорукана, окуу жай, мектеп жана өкмөт үйүнө берилиши керек деген сунуштар маал-маалы менен айтылып келген.
Архитектордун айыптоосу
2019-жылы "Ысык-Көл" мейманканасынын имаратына өкмөттүн аппаратын көчүрүү сунушталган. Анда имаратты оңдоп-түзөөгө 60 млн. доллардан ашык каражат сарпталары айтылган.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору, 1990-жылдары Кыргызстандын Курулуш жана архитектура министрлигин башкарган Ишенбай Кадырбеков "Ысык-Көл" мейманканасын бузууну "вандализм" деп сыпаттады.
“Эгемендүү Кыргызстанга чейин курулган архитектуралык эстелик. Тарыхыбызды сакташыбыз керек. Тарых архитектура менен сакталат. Бүгүнкү күндө жакпай жатса 100 жылдан кийин эң баалуу архитектура болушу мүмкүн. Күчтүү архитектор Каныбек Алыкулов автор болуп, биринчи жолу боз үйдүн образы жасалган. Функциясын өзгөртүп, өзүнө тийбеш керек болчу. Кургусу келсе башка жерлер толтура. Уратып коюш вандализм”, - деди Кадырбеков.
Бишкекте буга чейин 1980-жылдары курулган Бишкектин чок ортосундагы “Нарын” ресторанын 2017-жылдары бузууга уруксат берилген. Бирок азыркы кезге чейин жаңы имарат тургузула элек. Убагында эл көп барган жайлардын бири он жылдан ашуун ээн турган.