Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:51

Президент: "Центеррага" экологиялык жана коррупциялык доо койсо болот


Кумтөр алтын кениндеги кыйраган мөңгүлөр. Иллюстрация.
Кумтөр алтын кениндеги кыйраган мөңгүлөр. Иллюстрация.

Садыр Жапаров президент катары чыгарган биринчи жарлыгы Кумтөр алтын кенин өлкөнүн кызыкчылыгына иштетүү болгонун айтып, "Центерра" Кыргызстандын экологиясын бузуп жатканы үчүн сырттан башкаруу киргизилгенин белгиледи. Бул тууралуу ал 25-декабрда өткөн Министрлер кабинетинин жыйынында айтты.

"Кумтөрдү элге кайтардык. Бул иште Акылбек Жапаров, Динара Кутманова, Камчыбек Ташиев, Тенгиз Бөлтүрүк баштаган команда иштеди. Мыйзамдык жактан күчтөндүрдүк. "Улуу көчмөндөр мурасы" аттуу мамлекеттик холдинг түздүк. Кумтөрдөн башка дагы кендерден түшүп жаткан акча мындан ары мамлекеттик казынада сакталат. Кенди жөн эле басып жаткан компаниялардын лицензиясы алынат. Кумтөрдөгү ишибизди алсыратуу максатында түрдүү бут тосуулар болду. LBMA Кумтөрдө өндүрүлгөн алтынды сатып алуудан баш тартты. Мен ошондо да айткам, алтындын кардары көп. Сатып жатабыз, сата беребиз. Аягында "Центерра" Кумтөр ага таандык эмес экенин моюнуна алды. Ал өзүнүн баланстык операциясынан 26 млн. долларын эсептен чыгарып, бизнес операциясы токтогонун, аны менен Кумтөр алтын кенине көзөмөлдү жоготконун билдирүүгө аргасыз болду", - деди президент.

Садыр Жапаров учурда канадалык компанияга бир катар инвестициялык долбоорлор сунуш кылынганын белгиледи:

"Тынчтык жол менен сүйлөшө албасак, анда "Центеррага" экологиялык жана коррупциялык дооматтарды коебуз. Акыр-аягына чейин күрөшөбүз. Жыйынтык чыгарабыз. Кумтөр элге кызмат кылат".

Садыр Жапаров экологияны сактоо, климаттын өзгөрүшүнүн алдын алуу максатында да көп иштер жасалып жатканын айтып, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргызстандын сунушу менен 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы" деп атаганын белгиледи.

“Кумтөр Голд” жабык акционердик коому 2021-жылдын 11 айында кен казуу ишинин көлөмү 185,6 млн. тоннаны түзгөнүн, бул 2020-жылга салыштырмалуу эки эске көп экенин жарыялаган. Кумтөргө сырттан башкаруу кирген мезгилден тартып муздарды талкалоо 2020-жылга салыштырмалуу 60% кыскарганы маалымдалган.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү быйыл май айында өз карамагына алган.

"Центерра Голд" компаниясы кен Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу азайып кеткенин билдирген. "Кумтөр Голд" компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөн.

"Центерра" менен сот эл аралык арбитражда уланууда. Ал арада Бишкекте Кумтөр алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өтүп жатканы белгилүү болду. Талкуу 23-декабрда жабык видеоконференция форматында болгонун “Кумтөр Голд” ишканасынан кабарлашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG