Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:43

Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясы келди


Кыргызстанга биринчи партия менен жүк ташуучу жаңы он вагон алынып келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев "Бишкек-1" темир жол станциясында өткөн иш-чарада билдирди. Ал өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу жана жүктөрдү ташууга болгон муктаждыктарды канааттандыруу максатында 100 жүк ташуучу вагон сатып алуу чечими кабыл алынганын айтты.

"Ишканада көп убакыттан бери темир жол составы жаңыртылган эмес. Үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ишкананын финансы-экономикалык ишмердиги жакшы темпте жүрүүдө. Анын кирешеси 1 млрд. 600 млн. сомдон жогору болуп, жеке каражаттардын эсебинен вагон сатып алууга мүмкүндүк берди", - деди Аалиев.

Мындан сырткары Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан жаңы темир жол магистралын жана Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун куруу боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды.

2021-жылдын ноябрь айында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы өз каражаттарынын эсебинен орусиялык "Алтай Вагон" компаниясынан 100 даана үстү ачык вагон сатып ала турганын жарыялаган. Анын 50сү ушул жылдын аягына чейин, калганы 2022-жылдын биринчи кварталында келери айтылган.

Буга чейин "Кыргыз темир жолу" өз каражаттарынын эсебинен 20 чакырым темир жолду оңдоо үчүн 2647 тонна темир рельстерин сатып алганын кабарлаган. Жакынкы арада рельстерди алмаштыруу иштери 148 жана Кыямат-Курколдун ортосундагы тилкеден башталат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG