Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:45

Иран күрд тектүү саясий туткунду өлүм жазасына тартты


Иранда өлүм жазасына тартылганы кабарланган Хейдар Горбани.
Иранда өлүм жазасына тартылганы кабарланган Хейдар Горбани.

Иран эл аралык коомчулуктун талабына карабастан күрд тектүү саясий туткун Хейдар Горбанини өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу Ослодо жайгашкан "Ирандагы адам укуктары" жана Франциядагы "Күрдстан адам укуктары түйүнү" уюмдары 20-декабрда билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлүм жазасы Горбанинин маселеси Жогорку Сотто каралып жатканына карабай, 19-декабрда таң эрте ишке ашырылган. Бул боюнча Горбанинин үй-бүлөсүнө да, адвокаттарына да маалымат берилген эмес.

"Алар бизди алып барышып, Хейдардыкы деген мүрзөнү көрсөтүштү. Хейдардын сөөгүн Бехеште Мухаммади көрүстөнүнө өздөрү эле жерге беришиптир. Бизге анын сөөгүн беришкен жок", - деп айтты Горбанинин туугандарынын бири.

Хейдар Ганбани 2016-жылы "Басиж" аскердик кошуунуна тиешеси бар үч кишинин өлтүрүлүшү боюнча айыпталган. Былтыр Иран соту аны өлүм жазасына тартуу чечимин кабыл алган.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча эксперттери Горбанинин соту акыйкат өтпөгөнүн, ал тергөө абагында кыйноого кабылганын билдиришкен.

Amnesty International сыяктуу бир катар укук коргоо уюмдары да Горбанинин ишинде "бир катар мыйзам бузуулар болгонун" жүйө келтирип, Иран бийлигин аны өлүм жазасына тартпоого чакырышкан.

XS
SM
MD
LG