Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:01

Бюджеттен каржылануучу жумушта иштегендердин айлыгы көбөйөрү айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Келерки жылы Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттен каржылануучу жумушта иштегендердин айлык маянасы көбөйтүлөрүн бүгүн, 19-декабрда президент Садыр Жапаров билдирди.

Ал Жалал-Абаддагы эки күндүк иш-сапары алкагында бүгүн облустук оорукананы жаңылоо иштерин көрүп чыкты жана мекеменин жамааты менен жолукту.

Өз сөзүндө президент көпчүлүк дарыгерлер айлыгы аз болгондуктан чет жактарга барып иштөөгө мажбур болуп жатканын, келерки жылы медицина кызматкерлеринин да маянасын көбөйтүү планы бар экенин айтты.

Медицина жана билим берүү тармагында иштегендердин жумушу оор болгону менен тийиштүү маяна албаганы өлкөдөгү социалдык маселелердин бири экени белгилүү.

Быйыл апрелде үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы 100% көбөйтүлгөн, бирок индикатор боюнча кошумчалары алынып коюлган. Медицина тармагынын башка кызматкерлеринин айлыгы июль айында 50% жогорулаган. (RK)

XS
SM
MD
LG