Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

"Азаттыктын" кабарчыларына Internews эл аралык уюмунун сыйлыгы тапшырылды


"Азаттыктын" кабарчылары Бактыгүл Чыныбаева жана Дастан Үмөтбай уулу.
"Азаттыктын" кабарчылары Бактыгүл Чыныбаева жана Дастан Үмөтбай уулу.

“Азаттык” радиосунун кабарчылары Internews уюмунун эл аралык сыйлыгына татыктуу болушту. «Умтулуу-2021» сыйлыгы Бактыгүл Чыныбаевага жана Дастан Үмөтбай уулуна 17-декабрда Бишкекте кесипкөй журналистика тармагындагы жыл сайын уюштурулуучу улуттук сынактын жеңүүчүлөрүнө арналган салтанатта тапшырылды.

«Умтулуунун» атайын сыйлыгы «Улут саламаттыгы» темасын чагылдырууга кошкон салымы үчүн Бактыгүл Чыныбаевага, «Балдарды коргоо» номинациясындагы биринчи орун Дастан Үмөтбай уулуна («Клооптун» кабарчысы Элвира Султанмурат кызы менен бирге тарткан «Тоюлан» тасмасы үчүн) ыйгарылды.

«Умтулуу» сыйлыгы Кыргызстанда мыкты журналисттерге тапшырылып келе жатканына 20 жылга чукулдап калды. Анын максаты – аудитория жана жалпы эле коом алдында өзүнүн жарандык жана кесиптик жоопкерчилигин аңдаган, заманбап маалыматтык тармакты өнүктүрүүгө салымын кошкон журналисттерди колдоо, маанилүү жана татаал темалар боюнча коомдук талкууга түрткү берүү.

Жеңүүчүлөр социалдык түйүндөр аркылуу жүргүзүлгөн эркин добуш берүүнүн натыйжасында аныкталды.(RK)

XS
SM
MD
LG